# КР Жогорку Кенешинин 2022-жылдын 12-январындагы № 10-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин түзүмүн бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кенешинин 2022-жылдын 12-январындагы № 10-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин түзүмүн бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 10-VII
- Кабыл алынган күнү: 12.01.2022
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 17.12.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/88819>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-13734/edition/1124909/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/88819.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.12.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кенешинин 2022-жылдын 12-январындагы № 10-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин түзүмүн бекитүү жөнүндө" токтому (17.12.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/88819

---

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 17-декабрындагы № 6-VIII токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2022-жылдын 12-январы № 10-VII Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин түзүмүн бекитүү жөнүндө "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

1. VII чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төмөнкүдөй түзүмү бекитилсин:

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы; Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын 3 орун басары; Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 8 комитети.

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төмөнкүдөй комитеттери түзүлсүн:

1) Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет;

2) Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитет;

3) Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитет;

4) Социалдык саясат боюнча комитет;

5) Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитет;

6) Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитет;

7) Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет;

8) Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитет.

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төмөнкүдөй токтомдору күчүн жоготту деп таанылсын:

"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин түзүмүн бекитүү жөнүндө" 2005-жылдын 30-мартындагы № 20-III; "2005-жылдын 30-мартындагы № 20-III "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин түзүмүн бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" 2006-жылдын 19-июнундагы № 1152-III; "2005-жылдын 30-мартындагы № 20-III "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин түзүмүн бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" 2006-жылдын 8-декабрындагы № 1427-III; "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин түзүмүн бекитүү жөнүндө" 2015-жылдын 6-ноябрындагы № 14-VI; "2015-жылдын 6-ноябрындагы № 14-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин түзүмүн бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" 2016-жылдын 29-июнундагы № 824-VI.

4. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

Төрага

Т.Т. Мамытов
