# КР Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 12-январындагы № 14-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин төрагаларын шайлоо жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 12-январындагы № 14-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин төрагаларын шайлоо жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 14-VII
- Кабыл алынган күнү: 12.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.12.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/88809>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-13724/edition/1235157/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/88809.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.12.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 12-январындагы № 14-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин төрагаларын шайлоо жөнүндө" токтому (01.12.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/88809

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2022-жылдын 12-январы № 14-VII Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин төрагаларын шайлоо жөнүндө (КР Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 2-мартындагы № 97-VII, 2022-жылдын 25-майындагы № 270-VII, 2022-жылдын 12-октябрындагы № 524-VII, 2022-жылдын 20-октябрындагы № 570-VII, 2022-жылдын 1-декабрындагы № 683-VII токтомдорунун редакциясына ылайык) "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесинин 1-бөлүгүнүн 5-пунктуна, 26-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

1. Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча төмөнкү депутаттар шайлансын:

Султанбекова Чолпон Аалыевна - "Ишеним" парламенттик фракциясынан, Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин төрагалыгына; Примов Улан Бердибаевич - № 11 Алай бир мандаттуу шайлоо округу боюнча, Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитеттин төрагалыгына; Кенжебаев Аманкан Батырбекович - № 24 Сокулук бир мандаттуу шайлоо округу боюнча, Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитеттин төрагалыгына; Раимбачаева Винера Калыбековна - "Ыйман Нуру" парламенттик фракциясынан, Социалдык саясат боюнча комитеттин төрагалыгына; Турсунбаев Азизбек Атакозуевич - № 18 Ала-Бука бир мандаттуу шайлоо округу боюнча, Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитеттин төрагалыгына; Сыдыков Мурадил Жанышбекович - "Ынтымак" парламенттик фракциясынан, Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитеттин төрагалыгына; Төлөнов Данияр Эрмекович - № 10 Куршаб бир мандаттуу шайлоо округу боюнча, Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин төрагалыгына; Өмүрзаков Сүйүнбек Абдылдаевич - "Ишеним" парламенттик фракциясынан, Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин төрагалыгына. (КР Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 2-мартындагы № 97-VII, 2022-жылдын 25-майындагы № 270-VII, 2022-жылдын 12-октябрындагы № 524-VII , 2022-жылдын 20-октябрындагы № 570-VII, 2022-жылдын 1-декабрындагы № 683-VII токтомдорунун редакциясына ылайык)

2. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

Төрага

Т.Т. Мамытов
