# КР Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 22-декабрындагы № 5032-VI "2022-жылга Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан-мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясынын Чынгыз Айтматов атындагы сыйлыгынын акчалай өлчөмүн бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 22-декабрындагы № 5032-VI "2022-жылга Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан-мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясынын Чынгыз Айтматов атындагы сыйлыгынын акчалай өлчөмүн бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 5032-VI
- Кабыл алынган күнү: 22.12.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.12.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/88781>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-13697/edition/1116241/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/88781.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.12.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 22-декабрындагы № 5032-VI "2022-жылга Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан-мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясынын Чынгыз Айтматов атындагы сыйлыгынын акчалай өлчөмүн бекитүү жөнүндө" токтому (22.12.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/88781

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2021-жылдын 22-декабры № 5032-VI 2022-жылга Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан-мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясынын Чынгыз Айтматов атындагы сыйлыгынын акчалай өлчөмүн бекитүү жөнүндө “2022-жылга Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан-мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясынын Чынгыз Айтматов атындагы сыйлыгын уюштуруу жөнүндө” 2012-жылдын 29-июнундагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин № 2253-токтомунун 3-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

1. 2022-жылга Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан-мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясынын Чынгыз Айтматов атындагы акчалай сыйлыгы 1 000 000 (бир миллион) сом өлчөмүндө бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгына көрсөтүлгөн каражаттарды бөлүп берүүнү жана КМШ катышкан-мамлекеттердин Парламенттер аралык ассамблеясынын Чынгыз Айтматов атындагы сыйлыгынын 2022-жылдагы лауреатына аларды которуп берүүнү камсыз кылуу тапшырылсын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетине жүктөлсүн.

Төраганын орун басары

А.К. Касымалиева
