# КР Жогорку Кенешинин 2021-жылдын 2-декабрындагы № 5017-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 6-ноябрындагы № 17-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кенешинин 2021-жылдын 2-декабрындагы № 5017-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 6-ноябрындагы № 17-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 5017-VI
- Кабыл алынган күнү: 02.12.2021
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.01.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/88772>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-13688/edition/1124848/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/88772.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кенешинин 2021-жылдын 2-декабрындагы № 5017-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 6-ноябрындагы № 17-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (13.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/88772

---

КР Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 13-январындагы № 18-VII токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2021-жылдын 2-декабры № 5017-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 6-ноябрындагы № 17-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

1. "Өнүгүү-Прогресс" парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары төмөнкү комитеттердин курамдарына киргизилсин:

Жолдошалиев Эркин Жолдошалиевич - Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин курамына; Исмаилов Нурбек Сапарбекович - Бюджет жана финансы боюнча комитеттин курамына.

2. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 6-ноябрындагы № 17-VI токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 2-пункттун экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;

2) 7-пунктта:

- төмөнкүдөй мазмундагы он биринчи абзац менен толукталсын:

"Жолдошалиев Эркин Жолдошалиевич - "Өнүгүү-Прогресс" парламенттик фракциясынан;";

- он бешинчи абзац күчүн жоготту деп таанылсын;

3) 8-пункт төмөнкүдөй мазмундагы он биринчи абзац менен толукталсын:

"Исмаилов Нурбек Сапарбекович - "Өнүгүү-Прогресс" парламенттик фракциясынан;".

3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

Төраганын орун басары

А.К. Касымалиева
