# К Р 2009-жылдын 18-мартындагы ПЖ № 163 ""Кыргызстанды стратегиялык өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңеш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 5-апрелиндеги Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу" жарлыгы

- Толук аталышы: К Р 2009-жылдын 18-мартындагы ПЖ № 163 ""Кыргызстанды стратегиялык өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңеш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 5-апрелиндеги Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу" жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 163
- Кабыл алынган күнү: 18.03.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.09.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/88770>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-9031/edition/1115937/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/88770.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.09.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: К Р 2009-жылдын 18-мартындагы ПЖ № 163 ""Кыргызстанды стратегиялык өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңеш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 5-апрелиндеги Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу" жарлыгы (25.09.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/88770

---

КР Президентинин 2013-жылдын 25-сентябрындагы ПЖ № 193 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2009-жылдын 18-марты ПЖ № 163 "Кыргызстанды стратегиялык өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңеш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 5-апрелиндеги Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу Мамлекеттик бийликтин бардык бутактарынын жана жарандык коомдун иштиктүү өнөктөштүгүнүн принциптеринде Кыргызстанды стратегиялык өнүктүрүү маселелери боюнча ишти координациялоону камсыз кылуу максатында ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Кыргызстанды стратегиялык өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңеш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 5-апрелиндеги №157 Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргызстанды стратегиялык өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин курамы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Кыргызстанды стратегиялык өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин кызмат орду боюнча КУРАМЫ

- Кыргыз Республикасынын Президенти, Улуттук кеңештин төрагасы;

- Кыргыз Республикасынын Премьер-министри;

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы;

- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы;

- Кыргыз Республикасынын Конституциялык Сотунун төрагасы;

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун төрагасы;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси;

- Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин Катчылыгынын жетекчиси;

- Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри;

- Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын экономикалык жана социалдык саясат бөлүмүнүн башчысы;

- Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүгүү жана соода министри;

- Кыргыз Республикасынын финансы министри;

- Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри;

- Кыргыз Республикасынын юстиция министри;

- Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри;

- Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана отун ресурстар министри;

- Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри;

- Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүгүү министри;

- Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри;

- Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министри;

- Кыргыз Республикасынын Миграция жана ишке орноштуруу боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы;

- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы;

- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын башкармасынын төрагасы;

- Кыргызстан Ишкерлер союзунун президенти;

- Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын президенти;

- Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык талдоо жана баа берүү институтунун директору."

2. "Кыргызстанды стратегиялык өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңеш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 5-апрелиндеги Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 6-февралындагы № 91 Жарлыгы күчүн жоготту деп табылсын.

3. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

К. Бакиев
