# Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 10-ноябрындагы № 4999-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 10-ноябрындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 10-ноябрындагы № 4999-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 10-ноябрындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 4999-6
- Кабыл алынган күнү: 10.11.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.11.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/88762>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-13679/edition/1111337/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/88762.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.11.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 10-ноябрындагы № 4999-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 10-ноябрындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому (10.11.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/88762

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2021-жылдын 10-ноябры № 4999-VI Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 10-ноябрындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 10-ноябрындагы жыйналышынын төмөнкүдөй күн тартиби бекитилсин: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Исмаилов Нурбек Сапарбековичтин ант берүүсү; "Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө; Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 23-июнундагы № 4682-VI токтому менен түзүлгөн макулдашуу тобу иштеп чыккан "Баалоо иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган варианты тууралуу; "2018-жылдын 2-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Түрк Академиясынын финансылык эрежелери жөнүндө макулдашууну жана 2020-жылдын 28-ноябрында Стамбул шаарында кол коюлган Түрк Академиясынын бюджетине мүчө-мамлекеттердин милдеттүү төлөмдөрүнүн шкаласы жөнүндө протоколду ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө.

Төраганын орун басары

А.К. Касымалиева
