# Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 03-ноябры № 4987-VI "2019-жылдын 19-декабрындагы Санкт-Петербург шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттердин тамеки продукциясына акциз жаатында салык саясатын жүргүзүүнүн принциптери жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 03-ноябры № 4987-VI "2019-жылдын 19-декабрындагы Санкт-Петербург шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттердин тамеки продукциясына акциз жаатында салык саясатын жүргүзүүнүн принциптери жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 4987-VI
- Кабыл алынган күнү: 03.11.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.11.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/88744>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-13661/edition/1112232/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/88744.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.11.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 03-ноябры № 4987-VI "2019-жылдын 19-декабрындагы Санкт-Петербург шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттердин тамеки продукциясына акциз жаатында салык саясатын жүргүзүүнүн принциптери жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө" токтому (03.11.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/88744

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2021-жылдын 03-ноябры № 4987-VI "2019-жылдын 19-декабрында Санкт-Петербург шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттердин тамеки продукциясына акциз жаатында салык саясатын жүргүзүүнүн принциптери жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2020-жылдын 28-августундагы № 457 токтому) "2019-жылдын 19-декабрында Санкт-Петербург шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттердин тамеки продукциясына акциз жаатында салык саясатын жүргүзүүнүн принциптери жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.

2. Мыйзам чыгаруу демилгесинин субъектилери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетине жана бир эле мезгилде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын эксперттик кызматына жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбооруна карата өздөрүнүн жазуу жүзүндөгү сунуштарын жана түзөтүүлөрүн алардын негиздемеси менен 5 жумуш күндүн ичинде жөнөтсүн.

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун толуктап иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.

Төраганын орун басары

А.К. Касымалиева
