# Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Кыргыз ирригация илимий-изилдөө институтунун уставы (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-февралындагы № 82 токтомуна ылайык)

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Кыргыз ирригация илимий-изилдөө институтунун уставы (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-февралындагы № 82 токтомуна ылайык)
- Актынын түрү: Устав
- Номери: 82
- Кабыл алынган күнү: 18.02.2022
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 07.03.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/88710>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/73-110/edition/1149940/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/88710.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.03.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Кыргыз ирригация илимий-изилдөө институтунун уставы (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-февралындагы № 82 токтомуна ылайык) (07.03.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/88710

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-мартындагы № 98 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

1-тиркеме

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-февралындагы № 82 токтомуна ылайык)

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Кыргыз ирригация илимий-изилдөө институтунун уставы

1. Жалпы жоболор

1. Бул Устав Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Кыргыз ирригация илимий-изилдөө институтунун (мындан ары - Институт) ишин жөнгө салат жана анын милдеттерин, ишинин функцияларын жана тартибин аныктайт.

2. Институт К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин алдындагы Кыргыз ирригация илимий-изилдөө институтунун укук улантуучусу болуп саналат.

3. Институт Кыргыз Республикасында ирригация, мелиорация, жана сугат дыйканчылыгы жаатындагы жогорку илимий-изилдөө мекеме болуп эсептелет.

4. Институт өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын, эл аралык келишимдерди, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин чечимдерин, ошондой эле ушул Уставды жетекчиликке алат.

5. Институт мамлекеттик мекеменин уюштуруучулук-укуктук формасында иштөөчү юридикалык жак болуп саналат, өз алдынча баланска, Казыналык системасында алыш-бериш жана башка эсептерине, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган мөөргө, штамптарга, фирмалык бланктарга жана юридикалык жактын башка атрибуттарына ээ.

6. Институттун расмий аталышы:

- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу "Кыргыз ирригация илимий-изилдөө институту";

- расмий тилде: "Кыргызский научно-исследовательский институт ирригации" при Министерства сельского хозяйства Кыргызской Республики".

Кыскартылган аталышы:

- мамлекеттик тилде: "КИИИИ".

- расмий тилде: "КНИИИ".

7. Институттун юридикалык дареги: 720055, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Токтоналиев көчөсү, 4 "а".

8. Институт өз ишин Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы, башка мамлекеттик түзүмдөр, илимий жана коомдук уюмдар менен өз ара аракеттенүүдө жүзөгө ашырат, башка мамлекеттердин илимий мекемелери менен өз ара жигердүү аракеттенет.

2. Институттун максаты

9. Институттун максаты суу, айыл чарба жана жаратылышты пайдалануунун экологиясы менен байланышкан илимий техникалык көйгөйлөрдү чечүү үчүн ирригация, мелиорация, сугат дыйканчылыгы жана гидрология жаатындагы илимий-изилдөө иштери болуп саналат.

Институт суу чарба тармагында илимий-техникалык жана технологиялык саясатты жүргүзөт.

3. Институттун милдеттери

10. Институттун милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:

- прогрессивдүү инновациялык технологияларды түзүү жана илим сыйымдуу өндүрүштү, заманбап техникалык каражаттарды, автоматташтыруу системасын жана тармактык маанидеги программалык продуктуну колдоо;

- агроөнөржай комплексин мындан ары өнүктүрүүнүн кеңири программасын жүзөгө ашырууга, айылдык товар өндүрүүчүлөргө илимий-консультациялык жардам көрсөтүүгө, илимдин жетишкендиктерин жана алдыңкы тажрыйбаларды пропагандалоого багытталган, ирригация, мелиорация, сугат дыйканчылыгы жана гидрогеология маселелери боюнча илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү;

- лабораториялар тарабынан жүргүзүлүүчү илимий изилдөөлөрдүн тематикалык пландарын, ошондой эле жумушчу программаларды жана аларды аткаруунун методикаларын иштеп чыгуу;

- айыл чарба өндүрүшүнө илимий-методикалык жардам көрсөтүүнү киргизүүнүн жана көрсөтүүнүн пландарын иштеп чыгуу.

4. Институттун функциялары

11. Институт жүктөлгөн милдеттерге ылайык төмөнкү функцияларды аткарат:

- долбоордук жана айыл жана суу чарба ишке киргизүү-жөндөө иштерин, экология жана маалыматташтыруу системасында илимий изилдөөлөрдү, тажрыйбалык-конструктордук иштерди жүргүзүү;

- мелиорацияда, суу чарбасында, сугат дыйканчылыгында жана гидрогеологияда перспективдүү методдорду, терс жаратылыш кубулуштары менен күрөшүүдө жана сууну пайдалануунун экологиялык көйгөйлөрдү, анын ичинде чөлгө айлануу жана климаттын өзгөрүү көйгөйлөрүн чечүүдө ар түрдүү обьекттерде жаңы технологияларды жана техникалык каражаттарды иштеп чыгуу жана ишке киргизүү;

- суу ресурстарын интеграциялык башкаруу жана аларды комплекстүү колдонуу маселелерин изилдөө;

- айыл чарба, гидрогеологиялык жана экологиялык багыттагы ченемдик-техникалык документтерди иштеп чыгуу;

- автоматташтыруу системаларын жана каражаттарын тажрыйбалык-конструктордук иштеп чытууларды жүргүзүү, обьекттерде жана курулмаларда алардын башкаруу системаларын техникалык тейлөө жана текшерүү;

- маалыматтык технологиялар жана суу ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу боюнча окууларды, семинарларды, тренингдерди, консультацияларды жана башка иш-чараларды өткөрүү;

- топурактын күрдүүлүгүн, негизги айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүнүн өсүшүн сактоону жана жогорулатууну камсыз кылуучу илимий негизделген ирригация системаларын, прогрессивдүү технологияларды иштеп чыгуу;

- ирригация системаларын өркүндөтүүгө багытталган сунуштамаларды иштеп чыгуу, аларды өндүрүшкө киргизүү үчүн берүү;

- изилдөө тармагы боюнча ата мекендик жана дүйнөлүк илимдин жетишкендиктерин изилдөө жана жалпылоо;

- түшүмдүүлүктү программалоо жана өсүмдүктөрдүн өсүү факторлорун комплекстүү жөнгө салуу;

- иштин тармагы боюнча илимий эмгектерди, жыйнактарды, монографияларды, методикалык көрсөтмөлөрдү, брошюраларды, баракчаларды, плакаттарды жана бюллетендерди басып чыгаруу;

- Кыргыз Республикасынын суу жана агроөнөр жай комплексин маалыматташтыруу;

- аспирантура, изденүү аркылуу, ошондой эле стажировка жана адистештирүү жолу менен илимий кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу.

5. Институттун укуктары жана милдеттери

12. Илимий изилдөөлөрдү пландоо жаатында Институт төмөнкүдөй укуктарга ээ:

- өзүнүн илимий-изилдөө ишинин багыттарын аныктоого;

- илимий-изилдөө иштеринин учурдагы жана перспективдүү пландарын, илимий кадрларды даярдоо, жумуштарды жана башка долбоорлорду материалдык-техникалык жана финансылык камсыздоо пландарын иштеп чыгууга;

- айыл чарба чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген иштин башка түрлөрүн жүзөгө ашырууга;

- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги менен макулдашуу боюнча өзүнүн компетенциясынын чегинде эл аралык уюмдар менен илимий кызматташуу жөнүндө белгиленген тартипте келишимдерди түзүүгө жана ассоциацияларга, бирликтерге кошулууга;

- чарба жүргүзүүчү субъекттер менен Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте келишимдерди түзүүгө;

- илимий изилдөөлөрдү жана долбоорлорду каржылоого конкурстарга катышууга;

- илимий кызматкерлердин квалификациясын жогорулатууга, аспирантура, докторантура аркылуу адистерди даярдоону жүзөгө ашырууга.

Институттун эмгек жамаатынын мүчөлөрү болуп анда иштеген кызматкерлер эсептелет. Институттун жамаатынын мүчөлөрүнүн эмгек мамилелери эмгек мыйзамдары, жамааттык келишим жана ушул Жобо менен жөнгө салынат. Институттагы негизги уюштуруу звеносу болуп илимий жана илимий-техникалык кызматкерлерди бириктирген илимий-техникалык жамаат (лаборатория) эсептелет. Илимий кызматкер изилдөө багыттарын, темасын жана методдорун эркин тандайт. Илимий кызматкер эмгек мамилелеринде турган администрацияга карабастан ага мамлекеттик, коомдук жана башка фондцор тарабынан субсидия (гранттар) түрүндө берилген, конкурстун тартибинде билдирилген жумуштарды жана долбоорлорду каржылоого укугу бар. Илимий кызматкердин кошумча төлөө менен убактылуу чыгармачыл жамааттарга катышуусу, ошондой эле айкалыштырып иштөө негизги иштеген жери боюнча өз милдеттерин аткарууда кошумча шарттар менен чектелбейт. Өзүнүн эмгектик (кызматтык) милдеттерин ак ниетсиз аткарган илимий кызматкер Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат. Илимий кызматкер жүргүзгөн изилдөөлөрүнүн аныктыгы үчүн башка илимий кызматкерлердин, коомдун, мамлекеттин алдында жоопкерчилик тартат. Илимий кызматкер кесиптик этиканын ченемдерин сактоого милдеттүү.

13. Институт төмөнкүлөргө милдеттүү:

- өзүнүн ишинин профили боюнча илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүгө;

- бекитилген отчеттуулуктун бардык түрүн белгиленген тартипте берүүгө;

- билим берүүнү, илимди жана өндүрүштү өнүктүрүү боюнча аналитикалык маалымкаттарды жана сунуштамаларды даярдоого.

6. Институттун түзүмү

14. Институттун түзүмү Институттун директорунун сунушу менен билим жана илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча айыл чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан бекитилет.

15. Институттун түзүмүнө окумуштуулар кеңеши, административдик-башкаруучу персонал, илимий лабораториялар кирет.

16. Институтта илимий ишти камсыз кылуу үчүн илимий-өндүрүштүк бөлүмдөр жана өзүнчө максаттуу долбоорлорду аткаруу үчүн убактылуу чыгармачылык жамааттар түзүлүшү мүмкүн.

17. Институт жылдык баланстык комиссияларда түзүмдүк бөлүмдөрдүн өндүрүштүк-финансылык ишинин жыйынтыктарын карайт.

7. Институттун ишин уюштуруу

18. Институтка директор жетекчилик кылат, ал Кыргыз Республикасынын айыл чарба министринин сунушу боюнча 5 жылдык мөөнөткө, тиешелүү профилдеги илимдин доктору илимий даражасы же тиешелүү тармактагы жетекчилик иш тажрыйбасы жана окумуштуулук (академиялык) даражасы бар 70 жашка чейинки курактагы адистердин арасынан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.

Бир эле адам катары менен эки мөөнөттөн ашык директор кызмат ордун ээлей албайт. Директор өз ишинде Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасынын айыл чарба министринин буйруктарын, ички эмгек тартибинин эрежелерин жетекчиликке алат.

19. Директор:

- Институтка жетекчилик кылат, ушул Устав менен аныкталган укуктарды жана милдеттерди жүзөгө ашырат, анын иши үчүн жоопкерчилик тартат;

- Институттун илимий-изилдөө жана өндүрүштүк ишинин жана анын илимий-эксперименттик базасын өнүктүрүүнүн багыттарын аныктайт;

- Институттун ишине илимий-уюштуруучулук жактан жетекчилик кылат;

- мыйзамдуулукту, өндүрүштүк жана финансылык тартипти сактоону, эсепке алуунун жана отчеттуулуктун аныктыгын камсыз кылат;

- Институттун кызматкерлеринин эмгектик укуктарын сактоону камсыз кылат;

- Институттун окумуштуулар кеңешинин ишин жетектейт;

- лабораториялардын жана бөлүмдөрдүн жетекчилерин, ошондой эле Институттун башка кызматкерлерин кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот, алардын кызматтык милдеттерин аныктайт;

- Институтту жогорку квалификациялуу илимий кадрлар менен камсыз кылат;

- Институттун мүлкүн жана башка материалдык баалуулуктарын максаттуу пайдаланууну, алардын сакталышын камсыз кылат;

- бекитилген түзүмдүн, штаттык сандын жана Институттун эмгек акы төлөө фондунун чегинде түзүмүн, чыгымдар сметасын жана штаттык расписаниесин Кыргыз Республикасынын айыл чарба министринин бекитүүсүнө берет;

- Институттун түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жоболорду бекитет;

- Институт өзгөчө айырмаланган кызматкерлерин сыйлайт жана тартиптик таасир этүү чараларын көрөт;

- Институттун финансылык каражаттарын тескейт;

- Институттун атынан башка мекемелер, анын ичинде чет элдик мекемелер менен жарандык мыйзамдарда белгиленген тартипте келишимдерди түзөт;

- Институттун кызматкерлери менен социалдык-экономикалык жана эмгектик мамилелер жөнүндө жамааттык келишим түзөт;

- анын компетенциясына кирген маселелер боюнча чечимдерди кабыл алат.

20. Институтта Институттун директорунун орун басары кызмат орду каралган, ал Институттун окумуштуулар кеңешинин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын айыл чарба министри тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.

21. Институттун директорунун орун басары:

- Институттун курамына кирген түзүмдүк бөлүмдөрдү жетектейт;

- илимий-изилдөө иштерин пландоону жетектейт;

- инновациялык (ишке киргизүү) ишин координациялайт;

- илимий эмгектерди жана илимий жетишкендиктердин материалдарын басып чыгарууну уюштурат;

- Институттун директорунун тапшырмасы боюнча башка функцияларды аткарат.

22. Институтта Институттун окумуштуу катчысы кызмат орду каралган, ал Институттун директору тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.

23. Институттун окумуштуу катчысы өзүнүн ыйгарым укуктарын Институттун директору бекиткен кызматтык нускамага ылайык жүзөгө ашырат.

8. Институттун окумуштуулар кеңеши

24. Институттун окумуштуулар кеңеши (мындан ары - Кеңеш) Институттун туруктуу сунуштоочу коомдук-кесиптик органы болуп саналат.

25. Кеңештин курамына Институттун директору, Институттун директорунун орун басары, окумуштуу катчысы, Институттун алдыңкы окумуштуулары, башка уюмдардын адистери жана окумуштуулары кирет.

26. Кеңештин курамын Институттун директорунун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын айыл чарба министри бекитет.

27. Кеңештин төрагасы болуп Институттун директору, ал жок учурда - директордун орун басары саналат.

Кеңештин катчысы болуп Институттун окумуштуу катчысы эсептелет.

28. Кеңештин жыйналыштары Кеңештин иш планы менен бекитилген мөөнөттөрдө, бирок үч айда бир жолудан кем эмес өткөрүлөт.

29. Кеңештин милдеттери:

- Институттун илимий-изилдөө ишинин негизги багыттарын, илимий-изилдөө пландарын жана жумушчу программаларын аныктоо жана талкуулоо;

- илимий кадрларды даярдоо жана Институттун кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу маселелерин кароо;

- диссертациялык иштердин темасын кароо жана бекитүү, ачык коргоого аларды сунуштоо максатында диссертацияларды апробациялоо;

- кандидаттык жана доктордук диссертацияларды аяктоо үчүн окумуштууларга чыгармачылык өргүүлөрдү берүү;

- профессордук жана ага илимий кызматкер илимий наамдарын ыйгаруу жөнүндө материалдарды талкуулоо жана Кыргыз Республикасынын Улуттук аттестациялык комиссиясына берүү;

- Институттун ишинин илимий багыттары боюнча илимдин доктору жана кандидаты окумуштуулук даражаларына изденүүчүлөргө илимий жетекчилердин (консультанттардын) темаларын кароо жана бекитүү;

- чоң илимий эмгектерди, ачылыштарды жана ойлоп табууларды жана алардын авторлорун мамлекеттик сыйлыктарды ыйгарууга, мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоого сунуштоо;

- анык мүчөлөрдү (академиктерди) жана мүчө корреспонденттерди шайлоо үчүн ардак наамдарды ыйгарууга талапкерлерди сунуштоо, ошондой эле башка мекемелер тарабынан сунушталган иштерди жана талапкерлерди колдоо боюнча материалдарды кароо.

30. Институттун Кеңеши ушул Уставдын 26-пунктунда көрсөтүлгөн курамдын 2/3 кем эмеси катышкан учурда чечим кабыл алууга укуктуу.

31. Кеңештин чечими катышкандардын жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.

32. Эгерде Кеңеш жашыруун добуш берүүнү өткөрүү жөнүндө чечим кабыл албаса, Кеңештин чечимдери ачык добуш берүү менен кабыл алынат.

33. Кеңештин чечими Институттун директору тарабынан ал бекитилген күндөн тартып күчүнө кирет.

9. Институтту каржылоо жана мүлкү

34. Институттун каржылоо булактары болуп төмөнкүлөр саналат:

- республикалык бюджеттин каражаттары;

- демөөрчүлүк жардамдын каражаттары, ыктыярдуу жана камкордук төгүмдөрү;

- акы төлөнүүчү мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүдөн түшкөн каражаттар;

- Институтка көрсөтүлгөн кайрымдуулук жана гранттык жардамдын каражаттары;

- биргелешкен илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн эл аралык институттардан чегерүүлөр.

35. Институтка бекитилип берилген жер аянттары, имараттар, курулмалар, жабдуулар, аппаратура, транспорт каражаттары жана башка мүлк негизги каражаттарды түзөт.

Институттун мүлкү мамлекеттин менчиги болуп саналат жана ага оперативдүү башкаруу укугунда бекитилип берилген. Институттун оперативдүү башкаруусунда турган мамлекеттик мүлктү пайдалануу жана ээлик кылуу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.

10. Институтту кайра уюштуруу жана жоюу

36. Институтту кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.

37. Институт кайра уюштурулган же жоюлган учурда анын ишинин натыйжасында пайда болгон документтер "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана колдонулат.
