# КР Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 3-июнундагы № 4629-VI "Түндүк-Түштүк" альтернативдик жолунун курулушу менен байланышкан маселени иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 3-июнундагы № 4629-VI "Түндүк-Түштүк" альтернативдик жолунун курулушу менен байланышкан маселени иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 4629
- Кабыл алынган күнү: 03.06.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.06.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/88698>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-13618/edition/1141112/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/88698.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.06.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 3-июнундагы № 4629-VI "Түндүк-Түштүк" альтернативдик жолунун курулушу менен байланышкан маселени иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү жөнүндө" токтому (16.06.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/88698

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2021-жылдын 3-июну № 4629-VI "Түндүк-Түштүк" альтернативдик жолунун курулушу менен байланышкан маселени иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү жөнүндө (КР Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 16-июнундагы № 4655-VI токтомунун редакциясына ылайык) "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 33-беренесине ылайык жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин "Ата Мекен" парламенттик фракциясынын 2021-жылдын 28-майындагы чечиминин негизинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

1. "Түндүк-Түштүк" альтернативдик жолунун курулушу менен байланышкан маселени ар тараптуу иликтөө максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин убактылуу депутаттык комиссиясы (мындан ары - Комиссия) төмөнкү курамда түзүлсүн:

С.К.Ибраев,

М.Б.Эгембердиев - "Кыргызстан социал демократиялык партиясы" парламенттик фракциясынан;

М.А.Маматалиев,

А.К.Кемелов - "Республика - Ата Журт" парламенттик фракциясынан;

С.С.Анарбаев,

У.Ч.Садиков - "Кыргыстан" парламенттик фракциясынан;

У.Ч.Исмаилов,

М.А.Абдалиев - "Өнүгүү-Прогресс" парламенттик фракциясынан;

А.Ж.Токтомамбетов,

Н.М.Мурашев - "Бир Бол" парламенттик фракциясынан;

Ш.К.Атазов,

Ш.И.Абдылдаев - "Ата Мекен" парламенттик фракциясынан.

2. Кыргыз Республикасынын бардык тиешелүү мамлекеттик органдары Комиссиянын ишине көмөк көрсөтсүн.

3. Комиссия үч айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине өз ишинин натыйжалары жөнүндө маалымдасын.

Төрага

Т.Т. Мамытов
