Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Жогорку Кеңешинин «Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген „Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө“ Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2021-жылдын 2-июну № 4615-VI Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген "Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү жөнүндө "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 62 жана 63-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. 2020-жылдын 25-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган жана Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген "Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобу төмөнкүдөй курамда түзүлсүн:
- Асылбаева Гюльшат Кадыровна - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, мыйзамдын демилгечиси;
- Строкова Евгения Григорьевна - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин мүчөсү;
- Садыков Канатбек Рахманбердиевич - Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары;
- Гайыпов Асан Абдрахманович - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги өкүлчүлүгүнүн эксперти;
- Шаршеев Айдин Омуралиевич - Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министринин орун басары;
- Аскарова Зарема Аликовна - Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары;
- Балташев Илязбек Алтынбекович - Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары;
- Ибраев Эдил Нурович - Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин юристи;
- Алаев Нурлан Жамангулович - Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүгүү министрлигинин укуктук камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысы.
2. Макулдашуу тобу жогоруда көрсөтүлгөн мыйзамдын макулдашылган вариантын жана ага түзөтүүлөрдүн таблицасын 30 календардык күндөн кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетине жүктөлсүн.
4. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага
Т.Т. Мамытов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (3)
- КР Жогорку Кенешинин 2021-жылдын 28-июлундагы № 4788-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 2-июнундагы № 4615-VI токтому менен түзүлгөн макулдашуу тобу…Постановление · 28.07.2021 · № 4778-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 30-июнундагы № 4685-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин 2021-жылдын 30-июнундагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 30.06.2021 · № 4685-VI
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин 2021-жылдын 30-июнундагы № 4699-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 2-июнундагы № 4615-VI токтому менен түзүлгөн…Постановление · 30.06.2021 · № 4699-VI · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндөЗакон · 25.11.2011 · № 223 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 25-июнундагы № 3990-VI "Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу тууралуу" токтомуПостановление · 25.06.2020 · № 3990-VI