Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Жогорку Кенешинин «Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2021/2022-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин иши жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2021-жылдын 27-октябры № 4949-VI Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2021/2022-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2021/2022-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши төмөнкүлөрдү белгилейт. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети “Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2021/2022-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдоонун жүрүшү жөнүндө” 2021-жылдын 30-сентябрындагы № 191 токтомуна ылайык отун-энергетика комплексинин ишканалары, министрликтер, административдик ведомстволор, мамлекеттик комитеттер, Бишкек, Ош шаарларынын мэриялары жана аткаруу бийлигинин башка органдары үчүн иш-чаралардын планын кабыл алган. 2021-жылдын 1-октябрына карата абал боюнча республика боюнча жалпысынан 430,648 миң тонна көмүр камдалды, анын ичинде калк учурдагы 340,195 миң тонна пландын ордуна 355,100 миң тонна көмүр даярдады, бул 104,38% түзөт; бюджеттик мекемелер учурдагы 89,414 миң тонна пландын ордуна 75,548 миң тонна көмүрдү же 84,49 % даярдады. 2021-жылдын 5-октябрына карата абал боюнча Бишкек шаарынын ЖЭБине 396,3 миң тонна көмүр берилди, анын ичинен 189,2 миң тонна Кара-Кече көмүрү жана 207,1 миң тонна импорттук көмүр. 2021-жылдын 30-сентябрына карата абал боюнча Ош шаарынын ЖЭБине 3,0 миң тонна көлөмүндөгү “М-100” маркасындагы отко жагылуучу мазут ташып жеткирилген. 2021-жылдын 1-сентябрына карата абал боюнча “Бишкекжылуулуктармагы” ААКнын тармактарына план боюнча 1 191,6 миң Гкал каралса, 1 191,0 миң Гкал жылуулук энергиясы түшкѳн, бул кѳрсѳткүч пландан 0,6 миң Гкалга аз. 2021-жылдын 1-сентябрына карата абал боюнча жылуулук энергиясын керектөөчүлөрдүн дебитордук карызы 230,5 млн. сомду түздү жана жыл башындагыга салыштырганда 303,4 млн. сомго азайды. Төлөмдөрдү чогултуу 1 683,8 млн. сомду түздү, бул ѳткѳн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 313,8 млн. сомго же 22,9%га жогору. “Бишкекжылуулукэнерго” КИнин жылуулук энергиясын иштеп чыгышы пландагы 143,07 миң Гкалдын ордуна иш жүзүндѳ 132,69 миң Гкалды түздү, бул пландан 10,38 миң Гкалга аз. 2021-жылдын 1-сентябрына карата абал боюнча дебитордук карыз 34,82 млн. сомду түздү. “Кыргызжылуулукэнерго” МИ 2021-жылдын 1-октябрына карата 11,396 миң тонна көмүр даярдаган, 3,741 миң тонна отко жагылуучу мазут даярдалган, от казанын жана жылуулук тармактарын оңдоо иштерине каралган каражаттардан 2021-жылдын 1-сентябрына карата 115,283 млн. сом өздөштүрүлгөн. 2021-жылдын январь айынан май айына чейин пландагы 332,8 миң Гкалдын ордуна жылуулук энергиясын иштеп чыгуу иш жүзүндө 310,6 миң Гкалды түздү, бул пландан 22,2 миң Гкалга аз. 2021-жылдын 8 айында “Газпром Кыргызстан” ЖЧКда жаратылыш газын сатуунун көлөмү 193,9 млн. м3ду түздү. 2021-жылдын январь-сентябрь айларында көмүр казуу тармагы боюнча өнөр жайлык продукциянын көлөмү 2 328 871,6 сомду түздү, мында 1 572 854,6 тонна көмүр казып алынды. Түндүк регион боюнча казып алуу – 499 345,6 тоннаны, түштүк регион боюнча – 1 073 509 тоннаны түздү. 2021-жылдын 20-сентябрына карата абал боюнча Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 12 206,8 млн. м3 түздү, бул 2020-жылдын ушул датасына салыштырганда 2 929,7 млн. м3га аз (15 136,5 млн. м3). 2021-жылдын 8 айында “Электр станциялары” ААКнын электр энергияны иштеп чыгуусу 10 145,8 млн. кВт саатты түздү, бул 2020-жылдын ушул мезгилиндеги көрсөткүчкө караганда 501,7 млн. кВт саатка көп (9 644,1 млн. кВт саат), анын ичинде төмөнкүлөрдө: -ГЭСте электр энергиясын иштеп чыгуунун көлөмү 8 883,9 млн. кВт саатты түздү, бул 2020-жылдын көрсөткүчүнөн (8 832,5 млн. кВт саат) 51,4 млн. кВт саатка көп; -ЖЭБде электр энергиясын иштеп чыгуунун көлөмү 1 261,9 млн. кВт саатты түздү, бул 2020-жылдын көрсөткүчүнөн (811,6 млн. кВт саат) 450,3 млн. кВт саатка көп. Жылуулук энергиясын иштеп чыгуу 1 307,9 миң Гкалды түздү, бул 2020-жылдын ушул мезгилиндеги көрсөткүчүнөн (1 228,2 миң Гкал) 79,7 миң Гкалга көп. 2021-жылдын 8 айында “Чакан ГЭС” ААКнын электр энергияны иштеп чыгуусу 92,7 млн. кВт саатты түздү, бул 2020-жылдын ушул мезгилиндеги көрсөткүчүнөн (95,4 млн. кВт саат) 2,7 млн. кВт саатка аз. Бөлүштүрүүчү электр компанияларынын (мындан ары – БЭК) тармактарында 2021-жылдын 8 айында электр энергиясын жоготуулар 10,5%ды же 878,5 млн. кВт саатты түздү, бул нормативден (11,0%дан) 0,5%га төмөн. 2021-жылдын 8 айында БЭК тармагына 8 399,1 млн. кВт саат электр энергиясы келип түштү, керектөөчүлөргө 7 470,5 млн. кВт саат электр энергиясы пайдалуу түрдө берилди. Товардык продукция 10 247,7 млн. сомду түздү, БЭК боюнча берилген электр энергиясы үчүн акча каражаттарын чогултуу 10 774,6 млн. сомду түздү. 2021-жылдын 1-сентябрына карата керектөөчүлөрдүн дебитордук карызы 1 045,3 млн. сомду (2021-жылдын 1-январына карата 1 577,2 млн. сом) түздү жана 2021-жылдын 8 айында 531,8 млн. сомго же 33,7%га төмөндөдү. 2020-жылдын ушул эле мезгилине салыштырганда карыз 228,9 млн. сомго же 18,0%га тѳмѳндѳдү. Мында 2021-жылдын 1-сентябрына карата бюджеттик керектѳѳчүлѳрдүн дебитордук карызы 304,1 млн. сомду (2021-жылдын 1-январына карата – 452,7 млн. сом) түздү жана 2021-жылдын 8 айында 148,6 млн. сомго же 32,8%га тѳмѳндѳдү. 2021-жылдын 8 айында “Кыргызстан УЭТ” ААКнын электр тармактарында электр энергиясын техникалык жоготуулар 562,41 млн. кВт саатты же тармакка келип түшкөн 10 484,60 млн. кВт саат электр энергиясын 5,36% түздү. БЭК тармактарында 2021-жылдын 8 айында авариялык өчүрүүлөрдүн саны 3 555 өчүрүүнү түздү жана 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырганда 21 өчүрүүгө же 0,6%га көбөйдү. 2021-жылдын 8 айында Россия Федерациясынан иш жүзүндө: 398,9 миң тонна автоунаа бензини, 340,9 миң тонна дизелдик күйүүчү май, 56,2 миң тонна реактивдүү кыймылдаткычтар үчүн күйүүчү май, 35,7 миң тонна мунай битуму берилди. 2021-жылдын 1-январына карата абал боюнча мамлекеттик баланс менен эсепке алынган мунайдын запасы 110 671 миң тоннаны түзгѳн (анын ичинде алынуучусу 13 556 миң тонна). Кыргыз Республикасынын экономика тармактарынын жана калкынын 2021/2022-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдыгы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин маалыматын эске алып, ошондой эле республиканын отун-энергетикалык комплексин ишенимдүү иштетүү максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши т о к т о м к ы л а т:
1. Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2021/2022-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдоонун жүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин маалыматы эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине төмөнкүлөр сунушталсын:
-министрликтер жана ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Президентинин областтардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары отунду даярдоо графигинин аткарылышын, электр энергиясын жана кубаттуулукту керектөөнүн белгиленген лимиттеринин сакталышын, керектелген электр, жылуулук энергиясы, отко жагылуучу мазут жана жаратылыш газы үчүн карыздарды өз убагында жоюуну камсыз кылуу; -кѳмүр казып алуучу ишканалар үчүн пайыздык ставкасы тѳмѳн кредиттик каражаттарды бѳлүп берүү мүмкүнчүлүгүн кароо; -Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин артыкчылыктуу жана кечиктирилгис милдеттеринин тизмегине Камбар-Ата ГЭС-1ди куруу боюнча долбоорду иштеп чыгууну жана ишке ашырууну киргизүү; -КММди алымсыз жеткирүү жѳнүндѳ Казакстан Республикасы менен сүйлѳшүүлѳрдү жүргүзүү; -КММдин тартыштыгына жана ага баанын алып сатарлык ѳсүшүнѳ жол бербѳѳ боюнча чараларды көрүү; -КММге бааны тѳмѳндѳтүү, анын ичинде транспорттук чыгымдарды азайтуунун эсебинен тѳмѳндѳтүү боюнча чараларды көрүү.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги республикалык бюджетте төмөнкүлөргө каралган финансылык каражаттарды толук кѳлѳмдѳ бѳлүп берүүнү камсыз кылсын:
- ресурстардын, кирешелердин жана бюджеттик чыгымдардын ар айлык финансылык планына ылайык коммуналдык кызмат кѳрсѳтүүлѳрдү тѳлѳѳнү;
- мектептердин жана социалдык мекемелердин жылытуу тутумдарына ремонт жүргүзүүнү;
- керектелген электр, жылуулук энергиялары жана жаратылыш газы үчүн бюджеттик мекемелердин дебитордук карызын жоюуну.
4. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги менен биргеликте отун базаларында жана кѳмүр сатуу пункттарында баанын ѳсүшүнѳ жол бербѳѳ жагында туруктуу негизде мониторинг жүргүзсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги “Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы” ААК менен биргеликте:
-2021/2022-жылдын күз-кыш мезгилинде энерготутумдун туруктуу иштешин жана республиканын экономикасын жана калкын электр, жылуулук энергиясы жана жаратылыш газы менен үзгүлтүксүз камсыздоону камсыз кылсын; -Токтогул суу сактагычында суунун зарыл кѳлѳмүн топтоо боюнча комплекстүү чараларды көрсүн; -2021/2022-жылдын күз-кыш мезгилинен чыгуу үчүн пландалган бардык капиталдык жана учурдагы оңдоо иштерин 100%га аяктасын; -электр жана жылуулук энергиясын керектѳѳчүлѳрдүн авариялык ѳчүрүүлѳрүнө жол бербѳѳ боюнча зарыл чараларды көрсүн; -Токтогул ГЭСине № 4 гидроагрегат үчүн жабдууну белгиленген мѳѳнѳттѳ жеткирүүнү жана алмаштырууну камсыз кылсын; -Кыргыз Республикасынын энерготутумунда электр энергиясын коммерциялык эсепке алуунун автоматташтырылган тутумун (ЭКЭАТ) ишке киргизүү боюнча ишти тездетсин жана күчѳтсүн; -Бишкек жана Ош шаарларынын ЖЭБдерине сапаттуу отунду ѳз убагында жеткирүүнү камсыз кылсын;
- Кабак күрѳң кѳмүр бассейнинен кѳмүрдүн сапаттык мүнѳзүнѳ талдоо жүргүзүү үчүн Балыкчы шаарында мамлекеттик лаборатория түзүү мүмкүнчүлүгүн карасын;
-электр энергиясынын жоготууларын жана керектелген электр жана жылуулук энергиясы үчүн керектѳѳчүлѳрдүн дебитордук карызын тѳмѳндѳтүү боюнча максаттуу кѳрсѳткүчтѳрдүн аткарылышын камсыз кылсын; -керектелген электр жана жылуулук энергиясы үчүн акча каражаттарын 100% чогултууну камсыз кылсын; -мунайды жана газды өндүрүп алуу кѳлѳмдөрүн олуттуу жогорулатуу боюнча кечиктирилгис чараларды көрсүн; -“Газпром Кыргызстан” ЖЧК менен биргеликте Бишкек шаарынын ЖЭБ-2син иштетүү мүмкүнчүлүгүн иштеп чыксын.
6. “Газпром Кыргызстан” ЖЧКсына Бишкек шаарынын конуштары жана Чүй областынын айылдары боюнча бѳлүштүрүү тармактарын курууну жана эксплуатацияга берүүнү тездетүү сунушталсын.
7. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетине жүктөлсүн.
Төраганын орун басары
А.К. Касымалиева
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 30-сентябрындагы № 191 "Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2021/2022-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдоонун жүрүшү…Постановление · 30.09.2021 · № 191 · Күчүн жоготкон