# КР Жогорку Кенешинин 2021-жылдын 22-сентябрындагы № 4858-VI "Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын 2020-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин отчету тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кенешинин 2021-жылдын 22-сентябрындагы № 4858-VI "Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын 2020-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин отчету тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 4858-VI
- Кабыл алынган күнү: 22.09.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.09.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/88638>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-13561/edition/1098962/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/88638.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.09.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кенешинин 2021-жылдын 22-сентябрындагы № 4858-VI "Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын 2020-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин отчету тууралуу" токтому (22.09.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/88638

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2021-жылдын 22-сентябры № 4858-VI Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын 2020-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин отчету тууралуу "Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын 2020-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин отчетун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын 2020-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин отчету канааттандыраарлык эмес деп таанылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңеши:

- Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын 2020-жылдагы финансылык иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын отчетунда көрсөтүлгөн бузууларды четтетүү боюнча чараларды көрсүн;

- балдар жана өспүрүмдөр үчүн тарбиялоочу жана билим берүүчү телерадиопрограммаларды өндүрүү боюнча эл аралык стандарттарга жооп берген ата мекендик контентти жакшыртуу боюнча чараларды көрсүн;

- Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын финансылык жана чарбалык ишинин ар жылдагы милдеттүү тышкы аудитин жүргүзүүнү контролго алсын;

- кабыл алынган чечимдерди контролдоону камсыз кылсын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетине жүктөлсүн.

Төраганын орун басары

Н.О. Сыдыгалиев
