# КР 2021-жылдын 13-октябры № 4918-VI "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасын, анын орун басарларын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүн дайындоого макулдук берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР 2021-жылдын 13-октябры № 4918-VI "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасын, анын орун басарларын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүн дайындоого макулдук берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 4918
- Кабыл алынган күнү: 13.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.10.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/88610>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-13533/edition/1125659/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/88610.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2021-жылдын 13-октябры № 4918-VI "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасын, анын орун басарларын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүн дайындоого макулдук берүү жөнүндө" токтому (13.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/88610

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ 2021-жылдын 13-октябры № 4918-VI Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасын, анын орун басарларын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүн дайындоого макулдук берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун, 80-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктун жана 90-беренесинин 1-бөлүгүнүн экинчи абзацын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин түзүмү жана курамы жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы ПЖ № 425 Жарлыгын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасын, анын орун басарларын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүн төмөнкү курамда дайындоого макулдук берилсин:

1) Жапаров Акылбек Усенбековичти - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси кызмат ордуна;

2) Кожошев Арзыбек Орозбековичти - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары кызмат ордуна;

3) Аалиев Азиз Кубанычбековичти - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары кызмат ордуна;

4) Байсалов Эдиль Жолдубаевичти - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары кызмат ордуна;

5) Ташиев Камчыбек Кыдыршаевичти - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызмат ордуна;

6) Амангельдиев Данияр Джолдошевичти - Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри кызмат ордуна;

7) Бакетаев Алмаз Кушбековичти - Кыргыз Республикасынын финансы министри кызмат ордуна;

8) Казакбаев Руслан Айтбаевичти - Кыргыз Республикасынын тышкы иштер, тышкы соода жана инвестициялар министри кызмат ордуна;

9) Баетов Аяз Батыркуловичти - Кыргыз Республикасынын юстиция министри кызмат ордуна;

10) Осоев Эркинбек Арстанбековичти - Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри кызмат ордуна;

11) Джаныбеков Аскарбек Сапарбековичти - Кыргыз Республикасынын айыл чарба министри кызмат ордуна;

12) Бекмурзаев Доскул Джумагуловичти - Кыргыз Республикасынын энергетика министри кызмат ордуна;

13) Кутманова Динара Асиевнаны - Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри кызмат ордуна;

14) Бейшеналиев Алымкадыр Савирдиновичти - Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри кызмат ордуна;

15) Купешев Болотбек Душековичти - Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри кызмат ордуна;

16) Жаманкулов Азамат Капаровичти - Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри кызмат ордуна;

17) Базарбаев Кудайберген Базарбаевичти - Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри кызмат ордуна;

18) Бекболотов Бактыбек Асанкалиевичти - Кыргыз Республикасынын коргоо министри кызмат ордуна;

19) Ниязбеков Улан Омокановичти - Кыргыз Республикасынын ички иштер министри кызмат ордуна;

20) Ажикеев Бообек Эргешевичти - Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри кызмат ордуна.

2. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

Төрага

Т.Т. Мамытов
