Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Жогорку Кеңешинин «Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайрадан кайтарылып берилген „Электрондук соода жөнүндө“ Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2021-жылдын 30-сентябры № 4889-VI Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайрадан кайтарылып берилген "Электрондук соода жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү тууралуу "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 62 жана 63-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайрадан кайтарылып берилген "Электрондук соода жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобу төмөнкүдөй курамда түзүлсүн:
1) Маматалиев Марлен Абдырахманович - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;
2) Бешимбаева Айгерим Кабылбековна - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин мүчөсү;
3) Кенжематов Бектурсун Кенжематович - Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары;
4) Догоев Дастан Давлетович - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министри.
2. Макулдашуу тобу жогоруда көрсөтүлгөн мыйзамдын макулдашылган вариантын жана түзөтүүлөрдүн таблицасын 30 календардык күндөн кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетине жүктөлсүн.
4. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төраганын орун басары
Н.О. Сыдыгалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- КР Жогорку Кенешинин 2021-жылдын 3-ноябрындагы № 4984-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 30-сентябрындагы № 4889-VI токтому менен түзүлгөн макулдашуу тобу…Постановление · 03.11.2021 · № 4984-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 3-ноябрындагы № 4983-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 3-ноябрындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 03.11.2021 · № 4983
Шилтеме берет (2)
- Электрондук соода жөнүндөЗакон · 22.12.2021 · № 154
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндөЗакон · 25.11.2011 · № 223 · Күчүн жоготкон