# КР Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 22-сентябрындагы № 4855-VI "Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайрадан кайтарылган "Кесиптик бирликтер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 22-сентябрындагы № 4855-VI "Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайрадан кайтарылган "Кесиптик бирликтер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 4855-VI
- Кабыл алынган күнү: 22.09.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.09.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/88566>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-13490/edition/1096379/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/88566.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.09.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 22-сентябрындагы № 4855-VI "Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайрадан кайтарылган "Кесиптик бирликтер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү жөнүндө" токтому (22.09.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/88566

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2021-жылдын 22-сентябры № 4855-VI Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайрадан кайтарылган "Кесиптик бирликтер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү жөнүндө "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 62 жана 63-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайрадан кайтарылган "Кесиптик бирликтер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобу төмөнкүдөй курамда түзүлсүн:

- Ч.Ч.Урумкалиева - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин төрагасынын орун басары;

- К.Дж.Рыспаев - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, мыйзамдын демилгечилеринин бири;

- Т.Г.Тиллаев - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, мыйзамдын демилгечилеринин бири;

- Б.К.Аманова - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;

- Б.К.Кенжематов - Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары;

- А.С.Бейшеналиев - Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри;

- К.С.Абдракманов - Кыргызстан Кесиптик бирликтер федерациясынын аппаратынын жетекчиси.

2. Макулдашуу тобу жогоруда көрсөтүлгөн мыйзамдын макулдашылган вариантын жана түзөтүүлөрдүн таблицасын 30 календардык күндөн кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетине жүктөлсүн.

4. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

Төраганын орун басары

Н.О. Сыдыгалиев
