# КР Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 22-сентябрындагы № 4854-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 22-сентябрындагы № 4854-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 4854-VI
- Кабыл алынган күнү: 22.09.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.09.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/88565>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-13489/edition/1096307/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/88565.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.09.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 22-сентябрындагы № 4854-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (22.09.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/88565

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2021-жылдын 22-сентябры № 4854-VI Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

1. "Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 19-ноябрындагы № 36-VI токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

Бакиров Мамасадык Сабирович Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын жана саясий маселелер жана эл аралык кызматташуу боюнча туруктуу комиссиясынын курамдарынан чыгарылсын.

2. "Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 19-ноябрындагы № 40-VI токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

Бакиров Мамасадык Сабирович Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын курамына киргизилсин жана мамлекеттик курулуштун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тажрыйбасын иликтөө боюнча туруктуу комиссияга жиберилсин; Арзыбаев Ныязбек Ирашевич Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын курамына киргизилсин жана экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссияга жиберилсин.

Төраганын орун басары

Н.О. Сыдыгалиев
