# КР Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 21-апрелиндеги № 4507-VI "2021-жылга Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан-мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясынын Чынгыз Айтматов атындагы сыйлыгынын акчалай өлчөмүн бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 21-апрелиндеги № 4507-VI "2021-жылга Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан-мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясынын Чынгыз Айтматов атындагы сыйлыгынын акчалай өлчөмүн бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 4507
- Кабыл алынган күнү: 21.04.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.04.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/88541>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-13469/edition/1091724/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/88541.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.04.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 21-апрелиндеги № 4507-VI "2021-жылга Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан-мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясынын Чынгыз Айтматов атындагы сыйлыгынын акчалай өлчөмүн бекитүү жөнүндө" токтому (21.04.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/88541

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ 2021-жылдын 21-апрели № 4507-VI 2021-жылга Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан-мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясынын Чынгыз Айтматов атындагы сыйлыгынын акчалай өлчөмүн бекитүү жөнүндө "Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясынын Чынгыз Айтматов атындагы сыйлыгын уюштуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 29-июнундагы № 2253-V токтомунун 3-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

1. Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясынын Чынгыз Айтматов атындагы акчалай сыйлыгы 2021-жылга 20000 (жыйырма миң) АКШ доллары (которгон күнгө карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын курсу боюнча) өлчөмүндө бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Иш башкармалыгына көрсөтүлгөн каражаттарды бөлүп берүү жана КМШ катышкан-мамлекеттердин Парламенттик Ассамблеясынын Чынгыз Айтматов атындагы сыйлыгынын 2021-жылдагы лауреатына аларды которуп берүүнү камсыз кылуу тапшырылсын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетине жүктөлсүн.

Төрага

Т.Т. Мамытов
