# КР Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 25-мартындагы № 4478-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 25-мартындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 25-мартындагы № 4478-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 25-мартындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 4478
- Кабыл алынган күнү: 25.03.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.03.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/88538>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-13466/edition/1091692/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/88538.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.03.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 25-мартындагы № 4478-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 25-мартындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому (25.03.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/88538

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ 2021-жылдын 25-марты № 4478-VI Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 25-мартындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 25-мартындагы жыйналышынын төмөнкүдөй күн тартиби бекитилсин: Ар кандай; "Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу; "Баалоо ишмердиги жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу; "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине, "Күрөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө; "Жаныбарларды жана жаныбарлардан алынган азыктарды идентификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышынын жүрүшү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын маалыматы тууралуу; "Бишкек шаарында абанын булганышынын деңгээлин төмөндөтүү боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 26-декабрындагы № 3477-VI токтомунун аткарылышынын жүрүшү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору жөнүндө; "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоору жөнүндө.

Төрага

Т.Т. Мамытов
