# КР ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН 2018-жылдын 4-январындагы N 2168-VI "Электр станциялары" жана "Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомдорунун 2017-2018-жылдары төлөөгө жаткан бюджеттик кредиттер боюнча карыздарын реструктуризациялоо жөнүндө" ТОКТОМУ

- Толук аталышы: КР ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН 2018-жылдын 4-январындагы N 2168-VI "Электр станциялары" жана "Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомдорунун 2017-2018-жылдары төлөөгө жаткан бюджеттик кредиттер боюнча карыздарын реструктуризациялоо жөнүндө" ТОКТОМУ
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 2168-VI
- Кабыл алынган күнү: 04.01.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.01.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/88473>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-13403/edition/1085038/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/88473.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.01.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН 2018-жылдын 4-январындагы N 2168-VI "Электр станциялары" жана "Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомдорунун 2017-2018-жылдары төлөөгө жаткан бюджеттик кредиттер боюнча карыздарын реструктуризациялоо жөнүндө" ТОКТОМУ (04.01.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/88473

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2018-жылдын 4-январы № 2168-VI "Электр станциялары" жана "Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомдорунун 2017-2018-жылдары төлөөгө жаткан бюджеттик кредиттер боюнча карыздарын реструктуризациялоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 31-беренесинин 6-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Электр станциялары" жана "Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомдорунун 2017-2018-жылдары төлөөгө жаткан бюджеттик кредиттер боюнча карыздарын реструктуризациялоого макулдук берилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Электр станциялары" жана "Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомдорунун 2017-2018-жылдары төлөөгө жаткан бюджеттик кредиттер боюнча карыздарынын сунушталган шарттарын реструктуризациялоону жана шарттарын өзгөртүүнү эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 532 тескемесинин 1-пунктунун 1 жана 2-пунктчаларына ылайык ченемдик укуктук актыларга ылайык келтирсин.

3. Республиканын калкын электр энергиясы менен камсыздоо маселелери боюнча "Өкмөттүк күн" өткөрүү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетине тапшырылсын.

4. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы

Д.Джумабеков
