# КР Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 16-июнундагы № 4634-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 16-июнундагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 16-июнундагы № 4634-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 16-июнундагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 4634-VI
- Кабыл алынган күнү: 16.06.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.06.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/88423>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-13354/edition/1077539/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/88423.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.06.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 16-июнундагы № 4634-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 16-июнундагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому (16.06.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/88423

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2021-жылдын 16-июну № 4634-VI Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 16-июнундагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 16-июнундагы жыйналышынын төмөнкүдөй күн тартиби бекитилсин: "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоору тууралуу; "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө; "Кыргыз Республикасынын Баткен областына статус берүүгө байланыштуу Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу; "Лотереялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө; "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралуу; "Эл аралык стандарттардын бардык талаптарын сактоо менен таза кандуу жана асыл тукум жылкыларды каттоо (эл аралык сертификациялоо) жана эсепке алуу тутумун киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралуу; "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 6-ноябрындагы № 17-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору жөнүндө; Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басарын шайлоо жөнүндө; Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин төрагасынын орун басарын шайлоо жөнүндө; Кыргыз Республикасынын жараны, "Сапат" эл аралык билим берүү мекемесинин негиздөөчүсү Орхан Инандынын жоголуу фактысы боюнча мамлекеттик органдардын маалыматы жөнүндө; Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын 2020-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасынын отчету тууралуу.

Төрага

Т.Т. Мамытов
