# КР Жогорку Кенешинин 2021-жылдын 16 июнундагы № 4638-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ч.Ч. Урумкалиеваны Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин төрагасынын орун басарынын кызмат ордуна шайлоо жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кенешинин 2021-жылдын 16 июнундагы № 4638-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ч.Ч. Урумкалиеваны Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин төрагасынын орун басарынын кызмат ордуна шайлоо жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 4638-VI
- Кабыл алынган күнү: 16.06.2021
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.01.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/88416>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-13347/edition/1124828/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/88416.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кенешинин 2021-жылдын 16 июнундагы № 4638-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ч.Ч. Урумкалиеваны Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин төрагасынын орун басарынын кызмат ордуна шайлоо жөнүндө" токтому (13.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/88416

---

КР Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 13-январындагы № 18-VII токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2021-жылдын 16 июнундагы № 4638-VI

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ч.Ч. Урумкалиеваны Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин төрагасынын орун басарынын кызмат ордуна шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши т о к т о м к ы л а т:

1. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 26-беренесине ылайык жашыруун добуш берүүнүн натыйжалары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ч.Ч. Урумкалиева Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин төрагасынын орун басарынын кызмат ордуна шайлансын.

2. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин төрагаларынын орун басарларын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 12-ноябрындагы № 26-VI токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

4-пункт төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын: “Ч.Ч. Урумкалиева – КСДП парламенттик фракциясынан;”.

3. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 6-ноябрындагы № 17-VI токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

4-пункту “Урумкалиева Чинара Чалагызовна” деген сөздөрдөн кийин “– КСДП парламенттик фракциясынан” деген сөздөр менен толукталсын.

4. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

Төрага

Т.Т. Мамытов
