Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Жогорку Кеңешинин «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2020-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын отчету тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2021-жылдын 23-июну № 4679-VI Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2020-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын отчету тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2020-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы Т.С. Абдыгуловдун отчетун угуп, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2020-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы Т.С.Абдыгуловдун отчету канааттандырарлык деп таанылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Минстрлер Кабинети жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы:
1) макроэкономикалык жана социалдык туруктуулукту сактоо жана “COVID-19” коронавирус инфекциясынын экономиканын өсүшүнө терс таасирин төмөндөтүүгө өбөлгө түзүү боюнча чараларды көрсүн;
2) Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү боюнча 2018-2022-жылдарга Мамлекеттик программанын алкагында иш-чараларды ишке ашырууну улантсын;
3) Кыргыз Республикасынын аймактарында коммерциялык банктардын банктык жабдууларды орнотуулары үчүн контролдоону камсыз кылсын;
4) калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу, Улуттук банктын акча-насыя саясаты жаатында кабыл алган чечимдери жөнүндө туура түшүнүүлөрүн калыптандыруу боюнча иш-чаралар жөнүндө коомчулукка жигердүү маалымдасын;
5) уюлдук телефонду пайдалануу менен штрих коддун (QR-код) жардамы аркылуу төлөмдөрдү өткөрүүнү өнүктүрүүгө жана жайылтууга көмөктөшсүн;
6) накталай эмес төлөм жүргүзүү же товарлар/кызмат көрсөтүүлөр үчүн накталай эмес ыкмада төлөө үчүн сатып алуучуларга мүмкүнчүлүк берүүдөн баш тартканы үчүн юридикалык жактарга жана жеке ишкерлерге айып салууну караган мыйзам долбоорун демилгелесин;
7) тиешелүү министрликтер жана ведомстволор/кызматтар менен биргеликте чет өлкө валютасын накталай алмашуу чөйрөсүндө мыйзамсыз (лицензиясыз) ишкердик ишке бөгөт коюу үчүн чараларды мезгил-мезгили менен көрсүн;
8) “Айыл чарбасын каржылоо” жана “Ишкердиктин субъекттерин каржылоо” долбоорлорунун ишке ашырылышын колдоо үчүн насыялык аукциондордун алкагында банктарды кайра каржылоого берилген каражаттардын максаттуу пайдаланылышына мониторингди жүзөгө ашырсын;
9) Министрлер Кабинетинин жана Улуттук банктын акча-насыя жана бюджет-салык саясаты маселелери боюнча иштерин координациялоону улантсын;
10) “Күрөө жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына үчүнчү жактардын кыймылсыз мүлкүн күрөөгө коюуга тыюу салуу бөлүгүндө өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштарды киргизсин;
11) “Финансы рыногун мындан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын
8-февралындагы № 24 Жарлыгын ишке ашыруу боюнча чараларды көрсүн;
12) төмөнкүлөр боюнча ишти улантсын:
- Кыргыз Республикасында экономиканы насыялоого дем берүү;
- финансы-насыялык уюмдардын ишин жөнгө салуучу ченемдик укуктук базаны мындан ары өркүндөтүү;
- монеттештирүү коэффициентин туруктуу көбөйтүү;
- экономиканы долларлаштырууну төмөндөтүү;
13) 2021-жылдын 28-29-апрелинде болгон куралдуу кагылышуунун натыйжасчында жабыркаган Баткен жана Лейлек райондорунун тургундарына жеңилдетилген насыяларды берүү боюнча чараларды көрсүн, ошондой эле мурда алынган насыялар боюнча пайыздарды кошуп эсептөөлөрдү токтото туруу же мөөнөттөрүн узартуу мүмкүнчүлүгүн карасын.
3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы:
1) банктык тутумдун натыйжалуу иштөөсүн жана маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу максатында тутумдарды жана технологияларды өркүндөтүүнүн зарылдыгын көңүлгө алуу менен, чыгымдардын максатка ылайыктуулук жана негиздүүлүк принциптерин сактоо менен административдик чыгашаларды түзсүн;
2) баалардын туруктуулугун колдоо максатында тиешелүү акча-насыя саясатын жүргүзсүн;
3) алмаштыруу курсунун өзгөрүлмө режиминин принциптерин колдонууну улантсын жана алмаштыруу курсунун кескин өзгөрүүлөрүн жумшартуу максатында интервенция жүргүзсүн;
4) дүйнөлүк финансы рынокторунун абалына үзгүлтүксүз мониторингди жүзөгө ашырууну өз учурунда жөнгө салуу, чет өлкөлүк банк-контрагенттердин финансылык абалын жана дүйнөлүк финансы рынокторундагы кырдаалдын өзгөрүшүн байкоо жолу менен эл аралык резервдердин ликвиддүүлүгүн жана коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иштерди улантсын;
5) эл аралык резервдерди толуктоо максатында Кыргыз Республикасынын ички рыногунда улуттук валютага алтын сатып алууну улантсын;
6) ликвиддүүлүк жана коопсуздук принциптерин сактоо менен, таанылган эл аралык финансылык институттарга жана коммерциялык банктарга эл аралык резервдерди жайгаштыруу боюнча ишти улантсын;
7) алмаштыруу операцияларынын рыногундагы спекулятивдик чабуулдарга жана күтүүсүздүктөргө жол бербөө максатында коммерциялык банктар тарабынан жүргүзүлгөн казыналык операцияларга, атап айтканда, чет өлкөлүк валюта менен алмаштыруу операциялары үчүн натыйжалуу жана өз учурунда жүргүзүлгөн көзөмөлдү камсыз кылсын;
8) банктарда ислам терезелерин ачууда жана банк иши жана каржылоо боюнча ислам принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашыруучу банктарды ачууда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде көмөк көрсөтсүн;
9) тараптардын күрөө предметинин баалоо наркын жөнгө салуу, баалоо жана мындан ары кайра кароо мүмкүнчүлүгү бөлүгүндө коммерциялык банктардын жана микрофинансылык уюмдардын көйгөйлүү карыз алуучуларынын маселелерин чечүү боюнча конструктивдүү сунуштарды киргизсин;
10) керектөөчүлөрдүн укуктарын сактоо, насыяны жол-жоболоштурууда жана берүүдө маалыматты ачып берүү боюнча финансы-насыялык уюмдарга карата талаптарды күчөтсүн;
11) коммерциялык банктарга жана микрофинансылык уюмдарга
кардар-карыз алуучулар (банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн керектөөчүлөрү) менен иштөөнүн ички саясатын кайра кароо милдеттендирилсин, жооптуу насыялоо принциптерин сактоо, тейлөөнүн сапатын жогорулатуу жана банктык кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөргө карата ак ниет мамиле жасоо боюнча талаптарды күчөтсүн;
12) коммерциялык банктардын жана микрофинансылык уюмдардын ишине көзөмөлдү күчөтсүн жана карыз алуучулар менен болгон көйгөйлөрдү эки тараптуу жөнгө салуу маселесин чечсин;
13) “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн эсептерин тейлөө, республикалык бюджетке чегерилүүчү пайданы чегерүүнүн тууралыгы бөлүгүндө 2020-жыл үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын натыйжалуулугунун аудитинин элементтери менен ылайык келишинин аудити жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын отчетунда баяндалган сын-пикирлерди четтетсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетине жүктөлсүн.
5. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Тораганын орун басары
Н.О. Сыдыгалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Күрөө жөнүндөЗакон · 12.03.2005 · № 49
- КР 2021-жылдын 8-февралындагы ПЖ № 24 "Финансы рыногун мындан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 08.02.2021 · № 24
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021