Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Жогорку Кеңешинин Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген “Кесиптик бирликтер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү жөнүндө токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2021-жылдын 2-июну № 4616-VI Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген “Кесиптик бирликтер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү жөнүндө “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 62 жана 63-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. 2021-жылдын 31-мартында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган жана Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген “Кесиптик бирликтер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобу төмөнкүдөй курамда түзүлсүн:
- Ч.Ч. Урумкалиева – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин мүчөсү;
- К.Дж. Рыспаев – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, мыйзамдын демилгечилеринин бири;
- Т.Г. Тиллаев – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, мыйзамдын демилгечилеринин бири;
- Б.К. Аманова – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;
- К.Р Садыков – Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары;
- А.К. Солтонбекова – Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министринин биринчи орун басары;
- К.С. Абдракманов – Кыргызстан Профсоюздар Федерациясынын аппаратынын жетекчиси.
2. Макулдашуу тобу жогоруда көрсөтүлгөн мыйзамдын макулдашылган вариантын жана ага түзөтүүлөрдүн таблицасын 30 календардык күндөн кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин кароосуна киргизсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетине жүктөлсүн.
4. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага
Т.Т. Мамытов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Постановление Жогорку Кенеш Кыргызской Республики от 30 июня 2021 года № 4700-VI "О принятии согласованного варианта Закона Кыргызской Республики «О профессиональных союзах…Постановление · 30.06.2021 · № 4700-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 30-июнундагы № 4685-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин 2021-жылдын 30-июнундагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 30.06.2021 · № 4685-VI
Шилтеме берет (2)
- Кесиптик бирликтер жөнүндөЗакон · 16.10.1998 · № 130
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндөЗакон · 25.11.2011 · № 223 · Күчүн жоготкон