# КР Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 19-майындагы № 4571-VI "Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген "Электрондук коммерция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 19-майындагы № 4571-VI "Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген "Электрондук коммерция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 4571-VI
- Кабыл алынган күнү: 19.05.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.06.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/88345>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-13277/edition/1070158/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/88345.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.06.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 19-майындагы № 4571-VI "Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген "Электрондук коммерция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү тууралуу" токтому (23.06.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/88345

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2021-жылдын 19-майы № 4571-VI Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген "Электрондук коммерция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү тууралуу (КР Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 23-июнундагы № 4681-VI токтомунун редакциясына ылайык)

"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 62 жана 63-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

1. 2021-жылдын 4-мартында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган жана Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген "Электрондук коммерция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн төмөнкүдөй курамда макулдашуу тобу түзүлсүн:

- Маматалиев Марлен Абдырахманович - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, мыйзамдын демилгечилеринин бири;

- Бешимбаева Айгерим Кабылбековна - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин мүчөсү;

- Садыков Канатбек Рахманбердиевич - Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары;

- Жапаров Акылбек Усенбекович – Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министри.

(КР Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 23-июнундагы № 4681-VI токтомунун редакциясына ылайык)

2. Макулдашуу тобу жогоруда көрсөтүлгөн мыйзамдын макулдашылган вариантын жана ага түзөтүүлөрдүн таблицасын 30 календардык күндөн кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетине жүктөлсүн.

4. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

Төрагасынын орун басары

Н.О. Сыдыгалиев
