Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Жогорку Кеңешинин «Кесиптик бирликтер жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссияны түзүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 23-октябрындагы № 3298-VI токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ 2020-жылдын 23-декабры № 4289-VI "Кесиптик бирликтер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссияны түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 23-октябрындагы № 3298-VI токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат: "Кесиптик бирликтер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссияны түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 23-октябрындагы № 3298-VI токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төмөнкү депутаттары комиссиянын курамынан чыгарылсын:
Мамытов Талант Турдумаматович - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, "Республика - Ата Журт" парламенттик фракциясынан; Толонов Данияр Эрмекович - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, "Кыргызстан" парламенттик фракциясынан; Масабиров Таалайбек Айтмаматович - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, "Кыргызстан" парламенттик фракциясынан.
2. 1-пунктта "Жунус уулу Алтынбек" деген сөздөр "Турдумамбетов Осмон Жолдошбекович" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3. 4-пунктта "2021-жылдын 2-январына" деген сөздөр "2021-жылдын 2-апрелине" деген сөздөргө алмаштырылсын.
Төрага
А.К. Касымалиева
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 23-октябрындагы № 3298-VI "Кесиптик бирликтер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык…Постановление · 23.10.2019 · № 3298-VI
- Кесиптик бирликтер жөнүндөЗакон · 16.10.1998 · № 130