# КР Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 19-майындагы № 4557-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 19-майындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 19-майындагы № 4557-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 19-майындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 4557-VI
- Кабыл алынган күнү: 19.05.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.05.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/88321>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-13253/edition/1065930/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/88321.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.05.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 19-майындагы № 4557-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 19-майындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому (19.05.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/88321

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2021-жылдын 19-майы № 4557-VI Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 19-майындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 19-майындагы жыйналышынын төмөнкүдөй күн тартиби бекитилсин: "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө; "Кыргыз Республикасындагы кол өнөрчүлүк иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу; "Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө; "2018-жылдын 6-июнунда Кызыл шаарында кол коюлган Аскердик багыттагы спутник байланыш системаларын пайдалануу жана аларды андан ары өркүндөтүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө; "2020-жылдын 13-ноябрында Москва шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын салыктык башкаруу системасын өнүктүрүү максатында Россия Федерациясы тарабынан Кыргыз Республикасына кайтарымсыз техникалык жардам көрсөтүү тууралуу макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу; "Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө; "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө; "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө; "П.Жумагуловду Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясынын кызмат ордунан бошотуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралуу; "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралуу; "Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген "Электрондук коммерция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору жөнүндө; "Кыргыз Республикасынын 2021-жылга республикалык бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 25-ноябрындагы № 4177-VI токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралуу; "Жалал-Абад областынын Чаткал районундагы "Вертекс Голд Компани" ЖЧК ишин, анын айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин жана тоо-кен өнөр жайы жаатындагы мыйзамдардын талаптарынын сакталышын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 24-февралындагы № 4421-VI токтому менен түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссиянын ишинин мөөнөтүн узартуу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору жөнүндө.

Төрага

Т.Т. Мамытов
