# КР Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 19-майындагы № 4570-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 19-майындагы № 4570-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 4570-VI
- Кабыл алынган күнү: 19.05.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.05.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/88315>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-13252/edition/1065889/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/88315.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.05.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 19-майындагы № 4570-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (19.05.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/88315

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2021-жылдын 19-майы № 4570-VI Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

1. "Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 19-ноябрындагы № 39-VI токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

Исмаилов Уланбек Чекишевич Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын курамына киргизилсин жана айлана-чөйрө жана жаратылыш ресурстары боюнча комиссиясына жиберилсин.

2. "Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 19-ноябрындагы № 40-VI токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

Жумалиев Кубанычбек Мырзабекович Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын курамынан жана мамлекеттик курулуштун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тажрыйбасын иликтөө боюнча туруктуу комиссиясынан чыгарылсын; Ибраев Саматбек Кулукеевич Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын курамына киригизилсин жана маданият, маалымат, туризм жана спорт боюнча туруктуу комиссиясына жиберилсин.

3. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен Өзбекстан Республикасынын Олий Мажилисинин ортосунда кызматташуу боюнча Парламенттер аралык комиссиянын кыргыз тарабынын курамын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 28-декабрындагы № 2161-VI токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

Акматов Алмасбек Жумабекович жана Бакиров Мирлан Исакбекович Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен Өзбекстан Республикасынын Олий Мажилисинин ортосунда кызматташуу боюнча Парламенттер аралык комиссиянын кыргыз тарабынын курамынан чыгарылсын; Абдалиев Мейкинбек Акимович Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен Өзбекстан Республикасынын Олий Мажилисинин ортосунда кызматташуу боюнча Парламенттер аралык комиссиянын кыргыз тарабынын курамына киргизилсин.

Төрагасынын орун басары

Н.О. Сыдыгалиев
