Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Жогорку Кенешинин «Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону дайындоо жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2011-жылдын 30-июну № 916-V Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону дайындоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо 2011-жылдын 30-октябрына дайындалсын.
2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы:
- шайлоону колдонуудагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүүнү камсыз кылсын;
- төмөнкүлөр боюнча чараларды көрсүн:
катталган шайлоочулар жөнүндө маалыматтарды түзүү жана тактоо менен шайлоочулардын тизмесин оперативдүү түзүү; шайлоочулардын тизмелери менен таанышуу; шайлоо тизмелеринде бар экендиги жөнүндө шайлоочуларга кабарлоо; шайлоо дареги боюнча добуш берүүгө укук жөнүндө шайлоочулар арасында маалымдоо-түшүндүрүү иштерин уюштуруу;
- Жогорку Кеңешке төмөнкү мөөнөттөрдө: 2011-жылдын 9-сентябрында, 23-сентябрында, 7-октябрында жана 28-октябрында шайлоо участокторун кыдырата республика боюнча шайлоочулардын тизмесин түзүүнүн жүрүшү жана анын маалымат берүү убагындагы сапаттык "абалы жөнүндө маалыматтарды мезгил-мезгили менен берип туруу.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү шайлоону даярдоону жана өткөрүүнү камсыз кылуунун каржылык маселелерин чечсин.
4. Караштуулугунда тышкы иштер, коргоо, ички иштер, билим берүү жана илим, саламаттык сактоо, эмгек, иш менен камсыз кылуу жана миграция, калкты социалдык коргоо маселелери болгон министрликтер, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчылары Кыргыз Республикасынын жарандарын шайлоочулардын тизмесине киргизүү жөнүндө, шайлоочулардын тизмелериндеги маалыматтарды тактоо тууралуу маселелерди чечүүдө шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтсүн жана катталган жарандарга тиешелүү болгон ар кандай маалыматты жазуу жүзүндөгү суроо-талап боюнча шайлоо комиссияларына берсин.
5. Стационардык дарылоо-алдын алуу мекемелеринин, шек саналгандарды жана күнөөлөнгөндөрдү камакта кармоо жерлеринин жетекчилери ал мекемелерде убактылуу жүргөн шайлоочулар жөнүндө маалыматтарды түзсүн жана аларды добуш берүү күнүнө чейин 12 календарлык күндөн кечиктирбестен тиешелүү участоктук шайлоо комиссиясына өткөрүп берсин.
6. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган жана жүргөн Кыргыз Республикасынын шайлоочуларынын арасында алардын Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген шайлоо укуктарын ишке ашырышынын шарттары жөнүндө маалыматтык-түшүндүрүү ишин жүргүзсүн;
- тиешелүү дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жана консулдук мекемелердин жетекчилери тарабынан түзүлгөн Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган жана жүрүү менен консулдук эсепке турган шайлоочулар жөнүндө жана кийин 2011-жылдын 20-октябрына чейин консулдук эсепке Кыргыз Республикасынын шайлоочуларынын тургандыгы боюнча маалыматтарды добуш берүү күнүнө 50 календарлык күн калгандан кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына берсин.
7. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана мыйзамдарынын сакталышын камсыз кылсын.
8. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып эки календарлык күндүн ичинде жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
9. Ушул токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага
А.Келдибеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 8 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (8)
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум откоруу борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 14-июлундагы №22 "Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө…Постановление · 14.07.2011 · № 22
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум откоруу боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 5-июлундагы №3 "Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону даярдоо жана өткөрүү…Постановление · 05.07.2011 · № 3
- Кум-Дөбө айылдык Кеңешинин 2017-жылдын 11-майындагы № 7/1 "Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо боюнча Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин аймагындагы шайлоо…Постановление · 11.05.2017 · № 7/1
- Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2017-жылдын 6-июнундагы №9/1 "Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо боюнча Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин аймагындагы…Постановление · 06.06.2017 · № 9/1
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 14.01.2022 · № 9
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 14-июлундагы №390 "Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону дайындоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 30-июнундагы №…Постановление · 14.07.2011 · № 390 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 7-октябрындагы № 623 "Кыргыз Республикасынын коргоо Кеңешинин "Кыргыз Республикасынын Президенттигине шайлоолорду даярдоо жана өткөрүү мезгилинде…Постановление · 07.10.2011 · № 623 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 28-июлундагы № 316-б (Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү үчүн зарыл болгон товарларды, жумуштарды жана кызмат…Распоряжение · 28.07.2011 · № 316-р · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон