# КР Жогорку Кенешинин 2013-жылдын 27-июнундагы № 3420-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 13-июнундагы "Кыргыз Республикасынын Баткен областында администрациялык-аймактык реформа жүргүзүү үчүн жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын мамлекеттик чек ара аймактарында коопсуздукту камсыздоо аракеттеринин абалын текшерүү жана иликтөө үчүн убактылуу депутаттык комиссия түзүү жөнүндө" N 3206-V токтому менен түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссиянын убакыт аралык маалыматы жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кенешинин 2013-жылдын 27-июнундагы № 3420-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 13-июнундагы "Кыргыз Республикасынын Баткен областында администрациялык-аймактык реформа жүргүзүү үчүн жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын мамлекеттик чек ара аймактарында коопсуздукту камсыздоо аракеттеринин абалын текшерүү жана иликтөө үчүн убактылуу депутаттык комиссия түзүү жөнүндө" N 3206-V токтому менен түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссиянын убакыт аралык маалыматы жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 3420-V
- Кабыл алынган күнү: 27.06.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.06.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/88272>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-13210/edition/1060987/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/88272.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.06.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кенешинин 2013-жылдын 27-июнундагы № 3420-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 13-июнундагы "Кыргыз Республикасынын Баткен областында администрациялык-аймактык реформа жүргүзүү үчүн жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын мамлекеттик чек ара аймактарында коопсуздукту камсыздоо аракеттеринин абалын текшерүү жана иликтөө үчүн убактылуу депутаттык комиссия түзүү жөнүндө" N 3206-V токтому менен түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссиянын убакыт аралык маалыматы жөнүндө" токтому (27.06.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/88272

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2013-жылдын 27-июну № 3420-V Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 13-июнундагы "Кыргыз Республикасынын Баткен областында администрациялык-аймактык реформа жүргүзүү үчүн жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын мамлекеттик чек ара аймактарында коопсуздукту камсыздоо аракеттеринин абалын текшерүү жана иликтөө үчүн убактылуу депутаттык комиссия түзүү жөнүндө" N 3206-V токтому менен түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссиянын убакыт аралык маалыматы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Баткен областында администрациялык-аймактык реформа жүргүзүү үчүн жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын мамлекеттик чек ара аймактарында коопсуздукту камсыздоо аракеттеринин абалын текшерүү жана иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын төрагасы - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.Абдиевдин убакыт аралык маалыматы эске алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө тапшырылсын:

- 2013-жылдын республикалык бюджетинин "капиталдык салымдар" беренесинин каражатынын эсебинен каржылануучу Баткен областы боюнча жолдордун, көпүрөлөрдүн курулушуна каржылоону жана жасалып жаткан оңдоо жана курулуш иштеринин жүрүшүн контролго алуу;

- Баткен областынын чек ара аймактарында жашаган калктын коопсуздугун ар тараптуу жана жеткиликтүү камсыз кылуу;

- Кыргыз Республикасы менен Тажикстан жана Өзбекстан Республикалары чектешкен чек араны тактоо, делимитация жана демаркация боюнча пландуу жана алгылыктуу иш-аракеттерди жүргүзүү;

- көрүлгөн чаралардын натыйжалары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине ай сайын (айдын башында) маалымдоо.

3. Убактылуу депутаттык комиссиянын ишинин мөөнөтү 2013-жылдын 15-сентябрына чейин узартылсын.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Коргоо жана коопсуздук боюнча комитетине (А.Баатырбеков), Бюджет жана финансы боюнча комитетине (А.Келдибеков) жүктөлсүн.

Төрагасы

А. Жээнбеков
