Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Жогорку Кеңешинин «Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө”, “Акционердик коомдор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2021-жылдын 28-апрели, № 4527-VI Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө”, “Акционердик коомдор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү тууралуу
(КР Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 23-июнундагы № 4680-VI токтомунун редакциясына ылайык)
“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 62 жана 63-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2021-жылдын 25-февралында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган жана Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө”, “Акционердик коомдор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн төмөнкүдөй курамды макулдашуу тобу түзүлсүн:
1) Асылбаева Гюльшат Кадыровна - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасынын орун басары;
2) Садыков Канат Рахманбердиевич - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары;
3) Кармышаков Улукбек Тойчуевич – вице-премьер-министр - Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы миринстри;
2. Макулдашуу тобу жогоруда көрсөтүлгөн мыйзамдын макулдашылган вариантын жана ага түзөтүүлөрдүн таблицасын 30 календардык күндөн кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин кароосуна киргизсин.
3. Жапаров Акылбек Усенбекович – Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министри.
(КР Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 23-июнундагы № 4680-VI токтомунун редакциясына ылайык)
4. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төраганын орун басары
А.К. Касымалиева
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (4)
- КР Жогорку Кенешинин 2021-жылдын 23-июнундагы № 4669-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин 2021-жылдын 23-июнундагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 23.06.2021 · № 4669-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 7-июлундагы № 4707-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 7-июлундагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 07.07.2021 · № 4707
- КР Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 23-июнундагы № 4680-VI "“Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам…Постановление · 23.06.2021 · № 4680-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 7-июлундагы № 4709-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 28-апрелиндеги № 4527-VI токтому менен түзүлгөн макулдашуу тобу…Постановление · 07.07.2021 · № 4709
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндөЗакон · 25.11.2011 · № 223 · Күчүн жоготкон
2 ичинен 1 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.