Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Жогорку Кеңешинин «Кыргыз Республикасынын 2015-жылга республикалык бюджети жана 2016-2017-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2015-жылдын 16-декабры № 108-VI "Кыргыз Республикасынын 2015-жылга республикалык бюджети жана 2016-2017-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2015-жылдын 1-декабрындагы № 812 токтому) "Кыргыз Республикасынын 2015-жылга республикалык бюджети жана 2016-2017-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору 2015-жылга республикалык бюджеттин төмөнкүдөй негизги параметрлери менен биринчи окууда кабыл алынсын:
ИДПга карата 26,6 пайыз салыштырма салмагы менен 116477576,3 миң сом жалпы суммасында республикалык бюджеттин кирешелери; ИДПга карата 30,1 пайыз салыштырма салмагы менен 131836073,0 миң сом жалпы суммасында республикалык бюджеттин чыгашалары; ИДПга карата 3,5 пайыз салыштырма салмагы менен 15358496,7 миң сом суммасында Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин таңсыктыгынын чектик өлчөмү жана аны жабууга 15358496,7 миң сом суммасында каржылоонун тышкы жана ички булактарынын каражаттары жөнөтүлсүн.
2. Мыйзам чыгаруу демилгесинин субъектилери жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбооруна карата өздөрүнүн жазуу жүзүндөгү сунуштарын жана түзөтүүлөрүн аларды негиздөө менен 10 жумушчу күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетине жана бир эле мезгилде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын эксперттик кызматына жөнөтсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитети (А.А.Шадиев) келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун толуктап иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Төрага
А. Жээнбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын 2015-жылга республикалык бюджети жана 2016-2017-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралууЗакон · 30.12.2015 · № 232
- КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 1-декабрындагы № 812 "Кыргыз Республикасынын 2015-жылга республикалык. бюджети жана 2016-2017-жылдарга болжолу жѳнγндѳ" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына…Постановление · 01.12.2015 · № 812 · Күчүн жоготкон