# КР Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 27-апрелиндеги № 1550-VI "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин отчету тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 27-апрелиндеги № 1550-VI "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин отчету тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 1550-VI
- Кабыл алынган күнү: 27.04.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.04.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/88239>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-13177/edition/1062322/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/88239.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 27-апрелиндеги № 1550-VI "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин отчету тууралуу" токтому (27.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/88239

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2017-жылдын 27-апрели № 1550-VI Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин отчету тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесинин 6-бөлүгүнүн 3-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин отчетун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин отчету канааттандыраарлык деп таанылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин чечимдеринде көрсөтүлгөн маселелерге өзгөчө көңүл бурсун жана аларды чечүү боюнча конкреттүү чараларды кабыл алсын.

3. Ушул токтомдун аткарылышы боюнча бүткөрүлгөн иштердин жыйынтыктары жөнүндө 2017-жылдын 1-декабрына карата Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине маалымат берсин.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин карамагындагы маселелерди бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 12-ноябрындагы № 24-VI токтому менен бекитилген маселелерди жүргүзүүгө ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тиешелүү комитеттерине жүктөлсүн.

5. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

Төраганын орун басары

Д. Толонов
