# Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 31-мартындагы № 4484-VI "Кыргыз Республикасынын мунай-газ тармагынын абалы жанакүйүүчү-майлоочу материалдардын баалары жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 31-мартындагы № 4484-VI "Кыргыз Республикасынын мунай-газ тармагынын абалы жанакүйүүчү-майлоочу материалдардын баалары жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 4484-VI
- Кабыл алынган күнү: 31.03.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.03.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/88197>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-13136/edition/1066746/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/88197.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.03.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 31-мартындагы № 4484-VI "Кыргыз Республикасынын мунай-газ тармагынын абалы жанакүйүүчү-майлоочу материалдардын баалары жөнүндө" токтому (31.03.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/88197

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 2021-жылдын 31-марты № 4484-VI Кыргыз Республикасынын мунай-газ тармагынын абалы жанакүйүүчү-майлоочу материалдардын баалары жөнүндө Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министри К.А. Турдубаевдин Кыргыз Республикасынын мунай-газ тармагынын абалы жана күйүүчү-майлоочу материалдардын баалары жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, жазгы-талаачылык жумуштарда айылдык товар өндүрүүчүлөрдү жана республиканын керектөөчүлөрүн күйүүчү-майлоочу материалдар менен ишенимдүү камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министри К.А. Турдубаевдин Кыргыз Республикасынын мунай-газ тармагынын абалы жана күйүүчү-майлоочу материалдардын баалары жөнүндө маалыматы эске алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

1) керектөөчүлөрдү күйүүчү-майлоочу материалдар менен үзгүлтүксүз жабдууну камсыз кылсын;

2) “Мунай жана газ жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын аткаруу боюнча зарыл чараларды көрсүн;

3) мазутту кошпогондо, чийки мунайды жана мунай заттарын экспорттоого тыюу салууну киргизүү жолу менен, Кыргыз Республикасынын ички рыногун коргоого багытталган комплекстүү чараларды көрсүн жана алардын аткарылышын катуу контролдоону камсыз кылсын;

4) күйүүчү-майлоочу материалдардын тартыштыгына жана аларга баалардын алып-сатарлык өсүшүнө жол бербөө боюнча чараларды көрсүн;

5) транспорттук чыгымдарды төмөндөтүүнүн эсебинен күйүүчү-майлоочу материалдарга бааларды төмөндөтүү боюнча толук чараларды көрсүн;

6) ички рынокту мунай продуктылары менен камсыз кылуу максатында мунайды жана газды алуунун көлөмдөрүн олуттуу көбөйтүү боюнча кечиктирилгис чараларды көрсүн;

7) кызыкдар министрликтер менен биргеликте 2021-жылга күйүүчү май ресурстарын алымсыз импорттоо жөнүндө маселени иштеп чыксын;

8) геологиялык издөөгө, чалгындоого жана мунай жана газ чыккан жаңы жерлерди ачууга инвестицияларга түрткү берүү программасын иштеп чыксын;

9) Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан (мунай зат жана газды изилдөөгө, чалгындоого жана казып алууга) жер казынасын пайдалануу укугуна берилген лицензиялардын инвентаризациясын жүргүзсүн;

10) Кыргыз Республикасынын аймагына мунай заттарынын контрабандалык жол менен киришине бөгөт коюу боюнча ишти күчөтсүн;

11) Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында күйүүчү-майлоочу майлардын мыйзамсыз сатылуусуна бөгөт коюу боюнча чараларды көрсүн;

12) ушул токтомдун аткарылышы жөнүндө 2021-жылдын 15-майына чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине маалымат берсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетине жүктөлсүн.

Төраганын орун басары

Н.О.Сыдыгалиев
