# Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 6-ноябрындагы № 17-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 6-ноябрындагы № 17-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 4483-VI
- Кабыл алынган күнү: 31.03.2021
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.01.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/88196>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-13135/edition/1124808/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/88196.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 6-ноябрындагы № 17-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (13.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/88196

---

КР Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 13-январындагы № 18-VII токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 2021-жылдын 31-марты № 4483-VI “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 6-ноябрындагы № 17-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары төмөнкү комитеттердин курамдарына киргизилсин:

Кемелов Акыл Канатбекович, “Республика – Ата Журт” парламенттик фракциясынан – Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитеттин курамына; Атазов Шайлообек Карыбекович, “Ата Мекен” парламенттик фракциясынан – Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин курамына; Осмонов Айбек Жапарович, “Бир Бол” парламенттик фракциясынан – Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин курамына; Аманова Бурун Кушбековна, “Ата Мекен” парламенттик фракциясынан – Бюджет жана финансы боюнча комитетинин курамына.

2. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 6-ноябрындагы № 17-VI токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

2-пункт төмөнкүдөй абзацтар менен толукталсын: “Атазов Шайлообек Карыбекович – “Ата Мекен” парламенттик фракциясынан; Осмонов Айбек Жапарович – “Бир Бол” парламенттик фракциясынан; 3-пункттун үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын; 6-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын: “Кемелов Акыл Канатбекович – “Республика – Ата Журт” парламенттик фракциясынан; 8-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын: “Аманова Бурун Кушбековна – “Ата Мекен” парламенттик фракциясынан.

3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

Төраганын орун басары Н.О. Сыдыгалиев
