# КР ЖК 2021-жылдын 11-марты № 4466-VI "Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) дайындоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР ЖК 2021-жылдын 11-марты № 4466-VI "Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) дайындоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 4466-VI
- Кабыл алынган күнү: 11.03.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.03.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/88170>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-13111/edition/1056863/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/88170.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.03.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР ЖК 2021-жылдын 11-марты № 4466-VI "Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) дайындоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу жөнүндө" токтому (11.03.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/88170

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2021-жылдын 11-марты № 4466-VI Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин 2021-жылдын 4-мартындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Б.С.Турусбеков, А.У.Жапаров, М.И.Бакиров, М.А.Маматалиев башында турган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын тобу демилгелеген "Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) дайындоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

1) референдумду уюштуруучулук, материалдык жана финансылык жактан камсыз кылуу маселелерин, ошондой эле ушул Мыйзамдан келип чыккан башка маселелерди чечсин;

2) референдумду даярдоо жана өткөрүү мезгилинде коомдук тартипти, Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын сактоону камсыз кылсын.

3. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы аткаруу бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара тыгыз аракетте референдумду уюшкандыкта өткөрүүнү, мыйзамдардын сакталышын контролдоону, аны даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшү жөнүндө коомчулукка тутумдуу маалымдоону камсыз кылсын.

Төрага

Т.Т. Мамытов
