Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР ЖК «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) дайындоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2021-жылдын 11-марты № 4466-VI Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин 2021-жылдын 4-мартындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Б.С.Турусбеков, А.У.Жапаров, М.И.Бакиров, М.А.Маматалиев башында турган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын тобу демилгелеген "Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) дайындоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
1) референдумду уюштуруучулук, материалдык жана финансылык жактан камсыз кылуу маселелерин, ошондой эле ушул Мыйзамдан келип чыккан башка маселелерди чечсин;
2) референдумду даярдоо жана өткөрүү мезгилинде коомдук тартипти, Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын сактоону камсыз кылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы аткаруу бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара тыгыз аракетте референдумду уюшкандыкта өткөрүүнү, мыйзамдардын сакталышын контролдоону, аны даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшү жөнүндө коомчулукка тутумдуу маалымдоону камсыз кылсын.
Төрага
Т.Т. Мамытов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) дайындоо тууралууЗакон · 12.03.2021 · № 31
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон