# КР Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 10-мартындагы № 4453-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 10-мартындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 10-мартындагы № 4453-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 10-мартындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 4453
- Кабыл алынган күнү: 10.03.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.03.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/88166>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-13109/edition/1072420/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/88166.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.03.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 10-мартындагы № 4453-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 10-мартындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому (10.03.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/88166

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ 2021-жылдын 10-марты № 4453-VI Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 10-мартындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 10-мартындагы жыйналышынын төмөнкүдөй күн тартиби бекитилсин: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Атазов Шайлообек Карыбековичтин анты; "2019-жылдын 25-октябрында Москва шаарында кол коюлган, 2000-жылдын 30-ноябрындагы Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан-мамлекеттердин баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду мыйзамсыз жүгүртүү менен күрөшүүдөгү кызматташтыгы жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу; "2019-жылдын 1-октябрында Ереван шаарында кол коюлган, 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду (1) ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу; "2019-жылдын 11-октябрында Ашхабад шаарында кол коюлган Эркиндигинен ажыратуу менен байланышпаган жазаларды аткарууну өткөрүп берүү жөнүндө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу-мамлекеттердин конвенциясын ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө; "2018-жылдын 17-майында Алматы шаарында кол коюлган Чек ара районунда аскердик жаатта ишенимди чыңдоо жөнүндө Россия Федерациясынын, Казакстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын, Тажикстан Республикасынын жана Кытай Эл Республикасынын ортосундагы 1996-жылдын 26-апрелиндеги макулдашууну жана Чек ара районунда куралдуу күчтөрдү өз ара кыскартуу жөнүндө Россия Федерациясынын, Казакстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын, Тажикстан Республикасынын жана Кытай Эл Республикасынын ортосундагы 1997-жылдын 24-апрелиндеги макулдашууну аткаруу боюнча өз ара аракеттенүү принциптери жана тартиби тууралуу Казакстан Республикасын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн жана Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2002-жылдын 23-ноябрында Москва шаарында түзүлгөн протоколго өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протоколду ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө; "1970-жылдын 1-июлунда Женева шаарында түзүлгөн, Эл аралык автомобилдик ташууларды ишке ашыруучу транспорт каражаттарынын экипаждарынын (ЕСТР) иштөөсү боюнча Европа макулдашуусуна Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу; "2020-жылдын 14-апрелинде Москва шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө 2014-жылдын 29-майындагы келишимге Армения Республикасынын кошулуусу тууралуу 2014-жылдын 10-октябрындагы келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протоколду ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө; "Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) дайындоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө.

Төрага

Т.Т. Мамытов
