# КР Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 3-мартындагы № 4436-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 3-мартындагы № 4436-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 4436-VI
- Кабыл алынган күнү: 03.03.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.03.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/88163>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-13106/edition/1072024/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/88163.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.03.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 3-мартындагы № 4436-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (03.03.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/88163

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ 2021-жылдын 3-марты № 4436-VI Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат: 1 ."Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешимин 2015-жылдын 19-ноябрындагы № 32-VI токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: Бекешев Дастан Далабайевич Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын курамынан чыгарылсын.

2. "Европадагы Коопсуздук жана кызматташуу боюнча уюмдун Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 19-ноябрындагы № 37-VI токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

Иманалиев Каныбек Капашович Европадагы Коопсуздук жана кызматташуу боюнча уюмдун Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын курамынан чыгарылсын.

3. "Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан-мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 19-ноябрындагы № 40-VI токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

Сабиров Максат Эсенович Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан-мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын курамынан жана контролдук-бюджеттик комиссиянын курамынан чыгарылсын; Иманалиев Каныбек Капашович Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан-мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын курамына киргизилсин жана контролдук-бюджеттик комиссиянын курамына жиберилсин; Бекешев Дастан Далабайевич Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан-мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын курамына киргизилсин жана контролдук-бюджеттик комиссиянын курамына жиберилсин.

Төрага

Т.Т. Мамытов
