# Постановление Жогорку Кенеша КР от 3 марта 2021 года № 4444-VI "Об избрании депутата Жогорку Кенеша Кыргызской Республики Исмаилова У.Ч. заместителем председателя Комитета по конституционному законодательству, государственному устройству, судебно-правовым вопросам и Регламенту Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"

- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 4444
- Кабыл алынган күнү: 03.03.2021
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.01.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/88161>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-13105/edition/1124804/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/88161.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Постановление Жогорку Кенеша КР от 3 марта 2021 года № 4444-VI "Об избрании депутата Жогорку Кенеша Кыргызской Республики Исмаилова У.Ч. заместителем председателя Комитета по конституционному законодательству, государственному устройству, судебно-правовым вопросам и Регламенту Жогорку Кенеша Кыргызской Республики" (13.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/88161

---

КР Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 13-январындагы № 18-VII токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ 2021-жылдын 3-марты № 4444-VI Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты У.Ч.Исмаиловду Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин төрагасынын орун басарлыгына шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

1. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 26-беренесине ылайык жашыруун добуш берүүнүн натыйжалары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты У.Ч.Исмаилов Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин төрагасынын орун басарлыгына шайлансын.

2. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин төрагаларынын орун басарларын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 12-ноябрындагы № 26-VI токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

1-пунктунун 1-пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын: "У.Ч.Исмаилов - "Өнүгүү-Прогресс" парламенттик фракциясынан;".

3. Депутат У.Ч.Исмаилов Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин курамына киргизилсин.

4. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 6-ноябрындагы № 17-VI токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1-пункт "Исмаилов Уланбек Чекишевич - "Өнүгүү-Прогресс" парламенттик фракциясынан" деген абзац менен толукталсын; 2-пунктунда "Сабиров Максат Эсенович - "Республика - Ата-Журт" парламенттик фракциясынан" деген сөздөр алып салынсын; 3-пунктунда "Самат Гульнара-Клара - "Ата Мекен" парламенттик фракциясынан" деген сөздөр алып салынсын; 5-пунктунда "Исмаилов Уланбек Чекишевич - "Өнүгүү-Прогресс" парламенттик фракциясынан" деген сөздөр алып салынсын; 7-пунктунда "Гайпкулов Искандер Торобаевич - "Ата Мекен" парламенттик фракциясынан" деген сөздөр алып салынсын.

5. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

Төрага

Н.О. Сыдыгалиев
