# КР Жогорку Кенешинин 2021-жылдын 4 мартындагы № 4445-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин 2021-жылдын 4-мартындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кенешинин 2021-жылдын 4 мартындагы № 4445-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин 2021-жылдын 4-мартындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 4445-VI
- Кабыл алынган күнү: 04.03.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.03.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/88158>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-13102/edition/1050682/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/88158.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.03.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кенешинин 2021-жылдын 4 мартындагы № 4445-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин 2021-жылдын 4-мартындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому (04.03.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/88158

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2021-жылдын 4 марты № 4445-VI Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин 2021-жылдын 4-мартындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊеши ТОКТОМ КЫЛАТ: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин 2021-жылдын 4-мартындагы жыйналышынын төмөнкүдөй күн тартиби бекитилсин: Ар кандай маселелер; “Электрондук коммерция жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу; “Өз каалоосу боюнча Бокоев Каныбек Абдираевичтин Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралуу; “Өз каалоосу боюнча Базаралиева Анархан Мамбетовнанын Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралуу; “Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралуу; “Жалал-Абад областынын Чаткал районундагы “Вертекс Голд Компани” ЖЧК ишин, анын айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин жана тоо-кен өнөр жайы жаатындагы мыйзамдардын талаптарынын сакталышын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын төрагасын жана төраганын орун басарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралуу; “Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө; “Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө; “Жаныбарларды жана жаныбарлардан алынган азыктарды идентификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышынын жүрүшү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын маалыматы тууралуу; Кыргыз Республикасында 2021-жылдын жазгы-талаа жана чарбалык жумуштарды өткөрүүгө карата даярдыктын жүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маалыматы.

Төрага

Т.Т. Мамытов
