# КР Жогорку Кенешинин 2021-жылдын 3-мартындагы № 4435-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 3-мартындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кенешинин 2021-жылдын 3-мартындагы № 4435-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 3-мартындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 4435-VI
- Кабыл алынган күнү: 03.03.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.03.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/88154>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-13098/edition/1050674/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/88154.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.03.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кенешинин 2021-жылдын 3-мартындагы № 4435-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 3-мартындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому (03.03.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/88154

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2021-жылдын 3-марты № 4435-VI Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 3-мартындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 3-мартындагы жыйналышынын төмөнкүдөй күн тартиби бекитилсин: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Кемелов Акыл Канатбековичтин ант берүүсү; "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө", "Дене тарбия жана спорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө; "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө; "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө; "Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) дайындоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө; "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине, "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө; "Автордук жана чектеш укуктар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө; "Жазык сот өндүрүшүнө катышкан күбөлөрдүн, жабырлануучулардын жана башка катышуучулардын укуктарын коргоонун алкагында Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу; "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралуу; Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасынын орун басарын шайлоо жөнүндө.

Төрага

Т.Т. Мамытов
