Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
ЖК КР «1970-жылдын 1-июлунда Женева шаарында түзүлгөн Эл аралык автомобилдик ташууларды ишке ашыруучу транспорт каражаттарынын экипаждарынын (ЕСТР) иштөөсү боюнча Европа макулдашуусуна Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө» токтому
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Цитата келтирүүдөн мурун булакты текшериңиз.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2021-жылдын 24-февралы № 4418-VI "1970-жылдын 1-июлунда Женева шаарында түзүлгөн Эл аралык автомобилдик ташууларды ишке ашыруучу транспорт каражаттарынын экипаждарынын (ЕСТР) иштөөсү боюнча Европа макулдашуусуна Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2020-жылдын 31-декабрындагы № 642 токтому) "1970-жылдын 1-июлунда Женева шаарында түзүлгөн Эл аралык автомобилдик ташууларды ишке ашыруучу транспорт каражаттарынын экипаждарынын (ЕСТР) иштөөсү боюнча Европа макулдашуусуна Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.
2. Мыйзам чыгаруу демилгесинин субъектилери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетине жана бир эле мезгилде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын эксперттик кызматына жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбооруна карата өздөрүнүн жазуу жүзүндөгү сунуштарын жана түзөтүүлөрүн алардын негиздемеси менен 10 жумушчу күндүн ичинде жөнөтсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун толуктап иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы
Т.Мамытов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 31-декабрындагы № 642 "1970-жылдын 1-июлунда Женева шаарында түзүлгөн, Эл аралык автомобилдик ташууларды ишке ашыруучу транспорт каражаттарынын…Постановление · 31.12.2020 · № 642
- 1970-жылдын 1-июлундагы, Женева шаары, Эл аралык автомобилдик ташууларды ишке ашыруучу транспорт каражаттарынын экипаждарынын (ЕСТР) ишине тийиштүү Европа макулдашуусуна Кыргыз…Закон · 22.05.2021 · № 68