# КР Жогорку Кенешинин 2020-жылдын 16-декабрындагы № 4262-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кенешинин 2020-жылдын 16-декабрындагы № 4262-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 4262-VI
- Кабыл алынган күнү: 16.12.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.12.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/88119>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-13064/edition/1056092/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/88119.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.12.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кенешинин 2020-жылдын 16-декабрындагы № 4262-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (16.12.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/88119

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2020-жылдын 16-декабры № 4262-VI Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 19-ноябрындагы № 36-VI токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

Баатырбеков Алмазбек Баатырбекович Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Парламенттик Ассамблеясындагы Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын жана коргоо жана коопсуздук маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын курамынан чыгарылсын; Ормонов Улугбек Зулпукарович Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Парламенттик Ассамблеясындагы Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын жана саясий маселелер жана эл аралык кызматташуу боюнча туруктуу комиссиясынын курамына киргизилсин.

2. "Европа Бирлиги - Кыргызстан" парламенттик кызматташтык Комитетине Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 19-ноябрындагы № 42-VI токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

Ормонов Улугбек Зулпукарович жана Назаров Айтмамат Кошоевич "Европа Бирлиги - Кыргызстан" парламенттик кызматташтык Комитетиндеги Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын курамынан чыгарылсын;

1.2-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары

М.И. Бакиров
