# КР Жогорку Кенешинин 2021-жылдын 3-февралындагы № 4358-VI "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамы жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кенешинин 2021-жылдын 3-февралындагы № 4358-VI "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамы жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 4358-VI
- Кабыл алынган күнү: 03.02.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.02.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/88114>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-13059/edition/1056056/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/88114.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.02.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кенешинин 2021-жылдын 3-февралындагы № 4358-VI "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамы жөнүндө" токтому (03.02.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/88114

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2021-жылдын 3-февралы № 4358-VI Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 14-пунктуна жана 123-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн төмөнкүдөй курамы аныкталсын:

Марипов Улукбек Асамидинович - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кызмат ордуна; Новиков Артем Эдуардович - Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министринин кызмат ордуна; Кармышаков Улукбек Тойчуевич - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министринин - экономика жана финансы министринин кызмат ордуна; Асанкулов Жеңишбек Асанкулович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Жетекчисинин - министринин кызмат ордуна; Казакбаев Руслан Айтбаевич - Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин кызмат ордуна; Чынбаева Асель Рыспековна - Кыргыз Республикасынын юстиция министринин кызмат ордуна; Бейшеналиев Алымкадыр Савирдинович - Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин кызмат ордуна; Бейшеналиев Алмазбек - Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин кызмат ордуна; Иманалиев Кайрат Олжобаевич - Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин кызмат ордуна; Ажикеев Бообек Эргешевич - Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин кызмат ордуна; Ниязбеков Улан Омоканович - Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин кызмат ордуна: Абдралиева Гулмира Курманбековна - Кыргыз Республикасынын транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министринин кызмат ордуна; Турдубаев Кубанычбек Апышевич - Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министринин кызмат ордуна; Джаныбеков Аскарбек Сапарбекович - Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министринин кызмат ордуна; Кыргыз Республикасынын коргоо министринин кызмат орду - Кыргыз Республикасынын Президентинин номенклатурасы; Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын кызмат орду - Кыргыз Республикасынын Президентинин номенклатурасы.

2. Ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн талапкерлер дайындоо үчүн Кыргыз Республикасынын Президентине сунуш кылынсын.

3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 14-октябрындагы № 4116-VI токтому;

- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 14-октябрындагы № 4116-VI токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 21-октябрындагы № 4124-VI токтому;

- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 14-октябрындагы № 4116-VI токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 28-октябрындагы № 4133-VI токтому;

- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 14-октябрындагы № 4116-VI токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 25-ноябрындагы № 4173-VI токтому.

4. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы

Т.Т. Мамытов
