# КР Жогорку Кеӊешинин 2021-жылдын 03-февралындагы № 4353-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин 2021-жылдын 3-февралындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кеӊешинин 2021-жылдын 03-февралындагы № 4353-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин 2021-жылдын 3-февралындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 4353-VI
- Кабыл алынган күнү: 03.02.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.02.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/88051>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-12997/edition/1045524/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/88051.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.02.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кеӊешинин 2021-жылдын 03-февралындагы № 4353-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин 2021-жылдын 3-февралындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому (03.02.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/88051

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2021-жылдын 03-февралы № 4353-VI Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин 2021-жылдын 3-февралындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊеши ТОКТОМ КЫЛАТ: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин 2021-жылдын 3-февралындагы жыйналышынын төмөнкүдөй күн тартиби бекитилсин: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын февралындагы ишинин календардык планын бекитүү жөнүндө; Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кызмат ордуна талапкер Марипов Улукбек Асамидинович тарабынан берилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинин программасын бекитүү, түзүмүн жана курамын аныктоо жөнүндө; “Кыргыз Республикасындагы гидрометеорология иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө; “Аквакультура, балык уулоо жана суу биологиялык ресурстарын коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу; “Үрөнчүлүктөгү мамлекеттик дотация жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү туралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө; “Кыргыз Республикасынын Токой кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу; Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 9-декабрындагы № 4220-VI токтому менен түзүлгөн макулдашуу тобу тарабынан иштелип чыккан “Кыргыз Республикасынын Жер кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган варианты тууралуу; “2019-жылдын 6-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Германия Федеративдүү Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жана консулдук мекемелердин кызматкерлеринин үй-бүлө мүчөлөрүнүн эмгек иши жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө; “2019-жылдын 1-октябрында Ереван шаарында кол коюлган, 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду (1) ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу; “2019-жылдын 11-октябрында Ашхабад шаарында кол коюлган Эркиндигинен ажыратуу менен байланышпаган жазаларды аткарууну өткөрүп берүү жөнүндө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу-мамлекеттердин конвенциясын ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө; “2020-жылдын 2-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү асоциациясынын ортосундагы “Социалдык коргоону берүү системасы жана өзгөчө кырдаалдардагы иш-аракеттер планы” долбоорун каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына карата Кыргыз Республикасынын Президентинин милдеттерин аткаруучунун каршы пикири жөнүндө; “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын ортосундагы кызматташуу боюнча Парламенттер аралык комиссиянын кыргыз тарабынын курамын түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 19-ноябрындагы № 43-VI токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору жөнүндө; “Бишкек шаарында абанын булганышынын деңгээлин төмөндөтүү боюнча чаралар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин 2019-жылдын 26-декабрындагы № 3477-VI токтомунун аткарылышынын жүрүшү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору жөнүндө.

Төрага

Т.Т. Мамытов
