# КР Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 3-февралындагы № 4356-VI "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинин программасын бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 3-февралындагы № 4356-VI "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинин программасын бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 4356-VI
- Кабыл алынган күнү: 03.02.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.02.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/88002>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-12948/edition/1044217/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/88002.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.02.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 3-февралындагы № 4356-VI "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинин программасын бекитүү жөнүндө" токтому (03.02.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/88002

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2021-жылдын 3-февралы № 4356-VI Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинин программасын бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктуна, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 14-пунктуна жана 123-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кызмат ордуна талапкер Марипов Улукбек Асамидинович тарабынан берилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинин программасы бекитилсин.

2. “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинин программасын бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 14-октябрындагы № 4114-VI токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

Төрага

Т.Т. Мамытов
