Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр толуктоолор киргизүү жөнүндө»мыйзамы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Закон КР от 24 февраля 2010 года № 34 "О признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2010-02-24.
Кыргыз Республикасынын 2010-жылдын 24-февралындагы № 34 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
1998-жылдын 16-июну N 80
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына
өзгөртүүлөр толуктоолор киргизүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын
2009-жылдын 20-июлундагы № 241 Мыйзамынын
редакциясына ылайык)
1-статья.
"Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жарыялоо тартиби жөнүндө" Кыр-
гыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин
Ведомосттору, 1997-жыл, N 2, 116-ст.) төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:
3-статья төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"3-статья. Төмөнкү мыйзамдар:
1) адамдын жана граждандын укуктарына, эркиндиктерине жана милдет-
терине;
2) бажы максаттары үчүн товарларды классификациялоого же аларга
баа берүүгө же бажы алымдарынын, салыктарынын же башка жыйымдарынын
ставкаларына, же импорттоону же экспорттоону же ага байланыштуу
төлөмдөрдү которууга же аларды сатууга, жайылтууга, транспорт менен та-
шууга, камсыздандырууга, кампага жыйноого, инспекциялоого, көргөзмөгө
коюуга, кайра иштетүүгө, аралаштырууга же башкача пайдаланууга тиешелүү
талаптарга, чектөөлөргө же тыюу салууларга;
3) бажы ишине, демпингге каршы, коргоочу, компенсациялоочу чара-
ларга, стандартташтырууга жана сертификациялоого, санитардык жана фито-
санитардык чараларга тиешелүү, ошондой эле тышкы соодага тиешелүү башка
мыйзамдар милдеттүү түрдө жарыяланууга тийиш. Эгерде мыйзамдын өзүндө
же аны колдонууга киргизүүнүн тартиби жөнүндө мыйзамда башкача каралба-
са, Кыргыз Республикасынын мыйзамы жарыяланган учурдан тартып он күн
өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Ушул статьянын биринчи бөлүгүнүн 2 жана 3-пунктчаларында каралган
мыйзамдар, ден соолукту, айлана-чөйрөнү коргоого жана улуттук коопсуз-
дукка байланыштуу чукул жагдайларды албаганда, жарыяланган учурдан тар-
тып он беш күн өткөндөн кийин гана күчүнө кирет".
2-статья
2-статья.
(КР 2009-жылдын 20-июлундагы № 241 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
3-статья.
Ушул Мыйзам ал жарыяланган учурдан тартып он беш күн өткөндөн ки-
йин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзү бастырып чыгарган ченемдик укук
актыларды ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти А.Акаев
1998-жылдын 9-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин
Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан кабыл
алынган
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (4)
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп табуу жөнүндөЗакон · 24.02.2010 · № 34
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 01.07.1996 · № 34 · Күчүн жоготкон
- О порядке опубликования законов Кыргызской РеспубликиЗакон · 14.02.1997 · № 9 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-февралындагы №101 ""Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу" токтомуПостановление · 10.02.2009 · № 101 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 241
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп табуу жөнүндөЗакон · 24.02.2010 · № 34
- О порядке опубликования законов Кыргызской РеспубликиЗакон · 14.02.1997 · № 9 · Күчүн жоготкон