# КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 17-декабрындагы № 4266-VI "Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2020-жылга бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 17-декабрындагы № 4266-VI "Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2020-жылга бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 4266-VI
- Кабыл алынган күнү: 17.12.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.12.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/87966>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-12912/edition/1042721/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/87966.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.12.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 17-декабрындагы № 4266-VI "Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2020-жылга бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө" токтому (17.12.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/87966

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2020-жылдын 17-декабры № 4266-VI "Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2020-жылга бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2020-жылдын 6-ноябрындагы № 537 токтому) "Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2020-жылга бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору төмөнкүдөй параметрлерди бекитүү менен экинчи окууда кабыл алынсын:

- Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2020-жылга бюджетинин кирешелери 56080933,0 миң сом жалпы суммада, ИДӨ карата 9,6 пайыз салыштырма салмакта;

- Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2020-жылга бюджетинин чыгымдары 57414240,1 миң сом жалпы суммада, ИДӨ карата 9,8 пайыз салыштырма салмакта;

- Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2020-жылга бюджетинин тартыштыгынын өлчөмү 1333307,1 миң сом суммасында.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2020-жылы Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду кармап калган 74940,8 миң сом суммасындагы каражатты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетине, милдеттүү медициналык камсыздандырууга камсыздандыруу төгүмдөрүнүн факты жүзүндө келип түшкөн көлөмүнүн үч пайызы өлчөмүндө кайра кайтарууну камсыз кылсын.

3. Мыйзам чыгаруу демилгесинин субъектилери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетине жана бир эле мезгилде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын эксперттик кызматына жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбооруна карата өздөрүнүн жазуу жүзүндөгү сунуштарын жана түзөтүүлөрүн алардын негиздемеси менен 5 жумушчу күндүн ичинде жөнөтсүн.

4. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитети келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун толуктап иштеп чыксын жана үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары

М.Бакиров
