Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Жогорку Кеңешинин «Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2020-жылдын 10-декабры № 4245-VI "Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2020-жылдын 30-октябрындагы № 529 токтому) "Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда төмөнкүдөй параметрлерди бекитүү менен кабыл алынсын:
- республикалык бюджеттин кирешелери 139376994,8 миң сом жалпы суммада, ИДӨ карата 23,9% салыштырма салмакта;
- республикалык бюджеттин чыгымдары 169141030,4 миң сом жалпы суммада, ИДӨ карата 29,0% салыштырма салмакта;
- республикалык бюджеттин тартыштыгынын чектүү өлчөмү 29764035,7 миң сом суммасында, ИДӨ карата 4,7% салыштырма салмакта;
- тартыштыкты жабуунун ички булактары боюнча оң сальдо 5313700,0 миң сом суммасында, тышкы булактары боюнча оң сальдо - 24450335,7 миң сом суммасында;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылга резервдик фондунун өлчөмү - республикалык бюджеттин бекитилген чыгымдарынын 0,02%нан ашпайт же 32500000,0 миң сом.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин жана депутаттарынын сунуштарын аткаруу боюнча чараларды көрсүн;
- "Кыргыз Республикасынын 2021-жылга республикалык бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна карата Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын корутундусунда көрсөтүлгөн сунуштамаларды аткарууну камсыз кылсын:
- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигине кредитордук карызды жабууга 30,0 млн. сом суммасында кошумча каражат бөлсүн;
- төмөнкүлөргө каражат бөлүп берүү маселесин карасын:
кызматтык милдеттерин аткарууда COVID-19 таажывирустук инфекцияны жуктуруп алган медициналык кызматкерлерге компенсациялык төлөмдөр боюнча карызды жабуу үчүн 500,0 млн. сом суммасында; Кыргыз Республикасынын референдумун өткөрүүгө.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитети келип түшкөн жазуу жүзүндөгү жана жыйналышта айтылган сунуштарды эске алуу менен, жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун толуктап иштеп чыксын жана үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогору Кеңешине киргизсин.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары
М.Бакиров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (1)
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндөЗакон · 23.12.2019 · № 143