# КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 25-ноябрындагы № 4171-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 25-ноябрындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 25-ноябрындагы № 4171-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 25-ноябрындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 4171-VI
- Кабыл алынган күнү: 25.11.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.11.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/87952>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-12898/edition/1042581/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/87952.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.11.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 25-ноябрындагы № 4171-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 25-ноябрындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому (25.11.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/87952

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2020-жылдын 25-ноябры № 4171-VI Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 25-ноябрындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 25-ноябрындагы жыйналышынын төмөнкүдөй күн тартиби бекитилсин; Ализа Карыпбековна Солтонбекованы Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин кызмат ордуна дайындоого жактыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин сунушу жөнүндө; "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 6-ноябрындагы № 17-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору жөнүндө; "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Шаар куруу жана архитектура жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексине, Кыргыз Республикасынын Жер кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу; "Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө; "Кыргыз Республикасынын 2021-жылга республикалык бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу; "Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу; Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аудиторун шайлоо жөнүндө.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары

М.Бакиров
